17-январдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

17-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз -1…-6

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз -1…-6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн –6…-8°, күндүз -3…-5° суук болот.

Дагы караңыз

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы киргизилетАКШ санкция тизмесине Ирандын беш аткаминерин киргиздиТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырдыСот бийликти басып алууга айыпталган саясатчыларды камакта калтырдыБыйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот