ШКУ Ирандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Тегерандагы өкмөткө каршы демонстрация. 9-январь 2026-жыл

Орус мамлекет башчысы Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен сүйлөшкөнүн 16-январда Кремл билдирди. Маалыматка караганда, Пезешкиан Путинди Тегерандын "кырдаалды калыбына келтирүү" аракеттери жөнүндө кабардар кылды.

Кремл ошондой эле лидерлер “Орусия жана Иран ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө жана көптөгөн тармактардагы биргелшкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга берилгенин” бышыктаганын билдирди.

Ал ортодо Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Ирандын ички иштерине кийлигишүүгө каршылыгын билдирди жана ал өлкөдөгү кырдаалды тынч, саясий дипломатиялык жол менен жөнгө салууга үндөдү. Уюмдун сайтында жарык көргөн билдирүүдө нааразылык акцияларына, карапайым кишилер жана күч түзүмдөрү арасындагы курмандыктарга байланыштуу Иранга жана өкмөтүнө көңүл айтылат.

ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларус кирет.

Бир күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп ишенимдүү булактардын маалыматына таянып, "Иранда адам өлтүрүү токтоп жатат, өлүм жазасына тартуу планы жок" деп билдирген.

Ал башынан эле демонстрациялар күч менен басыла турган болсо Тегеран режимине каршы чара көрүлөрүн эскерткен.

Ошону менен катар АКШ президенти аскердик аракеттердин ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

Декабрдын аягынан бери Иранда өкмөткө каршы акциялар жүрүп, ага катышкандарга аёосуз күч колдонулууда. Укук коргоочу уюмдар каза болгондордун саны миңдеп саналарын маалымдашууда.

Өлкөдө бир жумадан бери интернет жок, ирандыктар сырткы дүйнөдөн кесилип калды.

Муну менен бийлик нааразылык акцияларын күч органдары кантип басканын дүйнөлүк коомчулуктан жаап-жашырууга аракет көрүп жатканы белгиленүүдө.

Дагы караңыз

Иран: Кыргыз жарандары Армения, Түркия жана Түркмөнстан аркылуу чыгып кете алат Захарова Соловьёвдун Борбор Азияга тиешелүү сөзү Москванын расмий позициясы эмес экенин айтты Украина Орусиянын аткылоосуна туш болбогон бир да электр станциясы калбаганын билдирди