УКМК курал сатып алууда келтирилген 2,7 млн евро чыгым кайтарылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Коргоо министрлигине курал-жарак жеткирүүдө жеке менчик компаниялардын бири министрлик менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбай жүргөнү аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгында бул иштен мамлекетке 244 миллион 587 миң 870 сом (2 миллион 700 миң евро) зыян келтирилгени аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында менчик ишкана каражатты мамлекетке толугу менен кайтарып берген.

УКМК Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантып жатканын кошумчалады. Атайын кызмат сөз кайсыл курал-жарак жана компания тууралуу болуп жатканын ачык жарыялаган жок.

Бул фактыга байланыштуу Коргоо министрлиги комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте сабак учурунда окуучуну чапкан мугалим жумуштан алындыТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырдыУкраина Орусиянын аткылоосуна туш болбогон бир да электр станциясы калбаганын билдирдиЗахарова Соловьёвдун Борбор Азияга тиешелүү сөзү Москванын расмий позициясы эмес экенин айтты ШКУ Ирандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирдиОрусиядан кармалып келген Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп чыкты