Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстанда 2025-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы VIII сыйлыкка сынак жарыяланганын кабарлады.
Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.
Анда журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы, автордук ыкма жана стили, теманы толук ачып берүү, иликтөөнүн далилдүүлүгү, алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү, иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу эске алынат.
Сынакка катышуу үчүн көрсөтүлгөн материалдардын шилтемелери 2026-жылдын 31-январына чейин (31-январь акыркы күн) azamattynaitegin@gmail.com электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек. Материалдардын шилтемелеринен тышкары катта автордун (авторлордун) аты-жөнү, редакциянын же уюмдун толук аталышы, сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы камтылышы зарыл.
Сынакка 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар кабыл алынат.
Белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Журналисттин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы сентябрда ишмердигин баштаган. Фонд иликтөөчү журналисттерге тренингдер, долбоорлорду уюштуруу иштери менен алектенет. Жыл сайын мыкты журналисттик иликтөөлөр арасында сынак жарыяланып, 12-февраль - Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө сыйлык ыйгарылып келет. (BTo)