Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Азербайжан Германияга жана Австрияга газ жеткире баштады


Азербайжандын SOCAR мунай компаниясы Трансадриатикалык куур аркылуу Германияга жана Австрияга газ жеткирге баштады. Бул тууралуу азербайжандык APA агенттиги кабарлады.

Ал куур менен 2020-жылдан бери Азербайжан Италияга, Грецияга жана Болгарияга жаратылыш газын экспорттогон. Ошондон бери Баку Италияны газ менен камсыздаган экинчи өлкөгө айланды.

SOCAR мунай компаниясынын маалыматына караганда, экспорттун географиясын 16 европалык өлкөгө кеңейтүү каралууда.

Президент Илхам Алиевдин газ саясаты жаатындагы стратегиясына ылайык, SOCAR Европа жана Жакынкы Чыгыштагы ишмердигин жайылтууда, муну менен өлкөнүн энергия менен камсыздаган ишенимдүү тарап катары позициясы бекемделмекчи.

2024-жылы декабрда Баку газды Словакияга жеткире баштаган, июлда SOCAR Украинаны көгүлтүр газ менен камсыздары тууралуу макулдашкан.

Azertaq агенттигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкө 25,2 млрд куб метр газды экспорттогон. Анын көбү Европанын өлкөлөрүнө, үчтөн бир бөлүгү Түркияга багытталган.

Москва Украинага басып киргенден бери Еврошаркет орус газынан баш тарткан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG