Кордолгон аялдарды коргобогон система 

иллюстрациялык сүрөт

Назгүл Коңурбаева, журналист. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

…2025-жылы Кыргызстанда 31 аял өлтүрүлдү…

Бул кылмыштардын артында алардын күйөөлөрү, мурдагы күйөөлөрү же чогуу жашаган өнөктөштөрү турат.

Бул сандар жөн гана статистика эмес, алардын артында мамлекеттен коргоо таппаган, өзүн жана балдарын коргоого аракет кылган аялдардын трагедиялуу тагдыры жатат. Ар бир трагедия системанын кооптуу кемчилигин ашкерелейт: зомбулук, коркутуулар тууралуу маалымат бар, милицияга жана балдарды коргоо органдарына кайрылуулар бар – бирок адекваттуу реакция дээрлик жок. Көбүнчө мамлекет өлүмдөн кийин гана "ойгонот", ошондо да жарым-жартылай гана ойгонгон система.

Жакында эле Тахмина Рустамжон кызы ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, кылмышка анын мурдагы күйөөсү шектелүүдө. Тахмина күйөөсү менен төрт жыл мурун ажырашып, эки баласын жалгыз багып келаткан. Кол салуу болуп жаткан учурда маркумдун эжеси милицияга чалууга аракет кылган, бирок жардам өз убагында келген эмес.

Бул окуядан бир аз мурда эле Жибек Урустемова өлтүрүлдү. Жибекке дагы анын мурдагы күйөөсү энесинин көзүнчө ок аткан. Бийлик өкүлдөрү маркумдун өлүмүнөн кийин, анын артында калган балдарына каржылык жардам көрсөтүлөрүн айтууда. Бирок “балдарын жалгыз өстүрүп жаткан коркунуч тобундагы эне эмне үчүн корголгон жок?” деген негизги суроого азырынча жооп жок.

Дагы караңыз "Жаңы жашоо баштамак". Жибекти туулган күнүндө күйөөсү атып салды

Мурда кыргыз коомчулугунда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын “балдар үчүн чыда”, “үй-бүлө үчүн сабыр кыл”, “эл эмне дейт” деп көндүрүшчү. Көптөгөн аялдар жылдар бою уруп-соккон жана психологиялык зомбулук шартында жашап, ошол абалда каза болушкан. Алардын балдары зомбулукту көзү менен көрүп, ушундай коркунучтуу шартта чоңоюшат. Психологдордун жана эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматына ылайык, мындай шартта өскөн балдар кийин чоңойгондо өздөрү зөөкүргө айлануу коркунучу бар.

Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрө баштады. Кыргызстанда барган сайын көбүрөөк аялдар “балдар үчүн” деп кордукка чыдоодон баш тартууда. Аялдар балдар үчүн аларды зомбулуктан коргоо керектигин түшүнүп жатышат. Көптөгөн аялдар агрессорлордон кетип, арыз жазып, коргоо ордерлерин алып, ажырашууда. Бирок дал ушул учурда алардын өмүрүнө болгон коркунуч эң жогорку чекке жетет.

Коргоо ордери бар, бирок коргоо жок

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын бири Жибек Урустемова мурдагы күйөөсүнөн коргоо сурап милицияга кайрылган. Бирок коргоо ордери анын өмүрүн сактап калган жок. Жибектин өлүмүнөн соң Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, түздөн-түз укук коргоо органдарын күнөөлөгөн.

“Маркум Жибектин коргоо ордери болгон. Бул аны коргоп, зомбулук көрсөткөн күйөөсүнө чара көрүүгө милдеттүү элек дегенди билдирген. Биз ага мамлекет анын тарабында турарын түшүндүрүшүбүз керек болчу. Бирок бул аткарылган эмес. Байкабай калдык, коркунучту сезген жокпуз. Аны куткарууга күчүбүз жана көңүлүбүз жетпей калды. Бул мындан ары кайталанбашы керек”.

Айжамал Жаныбекова үй-бүлөлүк зомбулуктун көптөгөн курмандыктарынын бири. Алты жыл мурун ал күйөөсүнүн сабоосунан түн ичинде качып чыккан.

“Мен балдарымды кучактап алып жылаңаяк эле качып чыккам. Эгер калсак, кеч болуп каларын түшүндүм”, – деп эскерет ал.

Бирок андан кийин деле мурдагы күйөөсү айласын кетирип, кол салуу коркунучу азайган эмес. Айжамал өзүнө үч ирет, балдарына төрт жолу коргоо ордерин алган. Бирок бул дагы аны коргой албайт деп, Айжамал өз башынан кечиргенин айтып берди.

“Мага милиция кызматкерлери “андан көрө кайра күйөөгө тий, ошондо мурдагы күйөөң сага тийишпей калат” деп мазактаган учурлар болду. Бул деген “сени милиция коргобойт, башка эркек коргошу керек” деген сөз да”.

Балдар - көз жаздымда калган курмандыктар

Расмий ажырашуудан кийин балдардын биологиялык атасы алардын жашоосуна формалдуу гана катышып, минималдуу алимент төлөп турган. Айжамал балдары үчүн коопсуз жашоону курууга аракет кылган. Бурулуш учур – анын Швейцариядагы престиждүү бир жылдык магистратурага өтүшү болгон.

Башынан эле балдар апасы менен кошо кетерине эки тарап тең макул болот. Бирок акыркы учурда мурдагы күйөөсү оюнан кайткан. Окуу башталып калгандыктан, Айжамал балдарды таятасына (ред. Айжамалдын атасы) убактылуу камкорчулукка берип, кетүүгө аргасыз болот.

Ал кеткенден кийин мурдагы күйөөсү балдарды күч менен таятасынан алып кеткен. Жети ай бою балдар атасынын колунда болгон. Айжамал алар менен телефондон да байланыша алган эмес. Социалдык коргоо кызматтары болсо “балдар нормалдуу шартта багылып жатат” деп тим болушкан.

Окуусун бүтөөрү менен Айжамал Кыргызстанга кайтып келип, балдарын өзүнө алат. Ошондо балдар сегиз ай бою атасынын уруп-соккон жана психологиялык зомбулугуна кабылганы белгилүү болгон. Бул фактылар балдардын көрсөтмөлөрү жана психологдун корутундусу менен тастыкталган.

Дагы караңыз "Уулумду мен жокто уруптур". Ажырашкан эркек жинин баладан чыгарабы?

“Балдар башынан өткөргөндөрүн айтып бергенде жүрөгүм тилинип кетти. Эгер тийиштүү органдар өз ишин так аткарганда мунун баарынын алдын алууга болмок. Бардык документтер, фактыларга карабай милиция ушу кезге чейин менин балдарым такай зомбулукка кабылганы боюнча иш козгобой келет”, - дейт Айжамал Жаныбекова.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматы Айжамал Жаныбекованын мурдагы күйөөсү балдарын "такай кордоп, катаал мамиле кылган" деген арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

"Азаттыктын" колуна тийген расмий документте тергөөчү балдардын көрсөтмөлөрүнүн "ишенимдүүлүгүндө күмөн бар" деп, 7 жашар кызга соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындаган.

Башкача айтканда, милиция жашы жете элек балдардын сөзүнө ишенбей, алардын травмасын дагы бир жолу текшерип, "бул зомбулуктун натыйжасыбы" деп тактоону талап кылган. Бул – балдарга жасалган зомбулуктун олуттуулугун эске албай, далилдөөнүн оор жүгүн кайрадан жабырлануучунун мойнуна арткандык.

Дагы караңыз "Мен Аселмин". Зомбулукка кабылган кыз-келиндер

Айжамалдын окуясы: система иштеген сейрек учур

Айжамалдын ишинде Бишкек шаардык соту "аталык укуктарын кыянаттык менен пайдаланган" жана балдарга карата "ырайымсыз мамиле" жасаган деп аныктап, балдардын кызыкчылыгын жогору коюп, атаны аталык укуктан ажыратты. Сот мындай чечимге келүүдө БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясы жана Кыргызстандын үй-бүлө кодексине таянган. Балдардын апасы бул иште прокуратура жана Омбудсмен институту маанилүү роль ойногонун белгилейт.

“Ушул эки органдын ишин баса белгилегим келет. Айрыкча прокуратура абдан кесипкөйлүк менен иштеди. Мен чыныгы коргоону сездим. Бишкек шаардык соту дагы балдардын коопсуздугун биринчи орунга койду”, - дейт Айжамал.

Бирок сот чечимине карабастан, Айжамал өзүн коопсуз сезген эмес. Ал азыр балдары менен коопсуз шартта. Ал азыр уул-кызынын психологиялык реабилитациясы жана билим алуусу менен алектенип жатат.

Бул окуя – сейрек кездешкен өзгөчө мисал. Ал аман калды. Ал балдарын кеч болсо да коргой алды. Бирок мындай окуялар өтө аз. Көпчүлүк учурларда зомбулуктан чыгууга аракет кылган аялдардын тагдыры трагедия менен аяктайт.

Мамлекет зомбулуктун алдын алууну, өлүмдөн кийин гана реакция кылууну токтотмоюнча, коркунучтун коңгуроосун олуттуу кабыл алмайынча, аялдарды жана балдарды коргоо системанын негизги милдети болмоюнча, аялдардын өмүрү кыйыла берет.

…2025-жылы Кыргызстанда 31 аял өлтүрүлдү…