Орусиядан 100дөн ашуун тажикстандык мигрант депортацияланды

Депорациясын күткөн мигранттар. Шереметьево аэропорту, Москва. 23-октябрь, 2024-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда акыркы үч күндө 100дөн ашуун тажикстандык мигрант кармалып, эч кандай түшүндүрмөсүз өлкөдөн чыгарылганы маалым болду.

Маалыматка ылайык, алар 15-январда Москвадагы аэропорттордо үч күн кармалып, кийин Тажикстанга жөнөтүлгөн. Мигранттардын айтымында, алар начар шартта кармалган. Айрымдары жүгүн албай эле башка аэропортторго көчүрүлгөн.

Тажикстандын расмий өкүлдөрү 46 адам Кожент шаарына, ал эми 90 адам Дүйшөмбүгө жеткирилгенин тастыкташты. Мигранттар катаал мамилеге кабылганын, уюлдук телефондору текшерилгенин жана чечимдер негизсиз кабыл алынганын билдиришүүдө. Айрымдары жаңы паспорт алганы үчүн депортацияланганын айтышты.

Депортацияланган адамдардын арасында аялдар, балдар жана 78 жаштагы карыя да болгон. Учурда бул окуя боюнча Тажикстан да, Орусия да расмий комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Москвадагы "Крокус сити холл" концерттик залындагы кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашкан, акыркы айларда ондогон, миңдеген чет элдик жарандар ар кандай негиздер менен өлкөдөн чыгарылган.

Дагы караңыз

Тажикстан Ооганстандан кирген төрт согушкер жок кылынганын билдирдиБШКнын төрагасы Шайназаров Жолдошованын айыптоолоруна жооп бердиКордолгон аялдарды коргобогон система Жарандардын насыя тарыхын сактоо мөөнөтүн кыскартуу сунушталуудаКыргызстанда 150 миңдей жарандын жеке идентификация номери ката берилген