Президент эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу себебин түшүндүрдү

Садыр Жапаров унаа чыгаруучу ишканада автобустун рулунда. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу өнөктүгү жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал мурда Кыргызстандын паспорттору, ID-карталары, айдоочулук күбөлүктөрү жана башка документтери чет жактан чыгарылып жүргөн маалда коргоо элементтери алсыз болгонун, ошондуктан анын көбү жасалма болуп кетип, Кыргызстандын аброюна шек келтиргенин билдирди.

Мамлекет башчы былтыртан тартып басып чыгаруу “Учкун” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлүп жатканын, документтер жаңыланышы керектигин айтты:

“Эми мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт. Жасалма паспорт деген түшүнүк жоюлат. Ошондуктан бул ишти баштадык. Эски күбөлүктөрдү бекер алмаштырып бүтүп, жокко чыгарып салсак, аларды бизде да, чет өлкөлөрдө да колдоно албай калышат. Эмне үчүн дегенде азыркы учурда деле кээ бир жарандарыбыз Орусиядан жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, Кыргызстанга келип унаа айдап жүргөн фактылар бар. Ушуга байланыштуу учурда мамлекеттик деңгээлде бардык айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка расмий документтерди инвентаризациялоо, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз.Бул иштердин негизги максаты мыйзамсыз колдонулуп жаткан документтерди толук аныктоо, тартип орнотуу, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекетибиздин эл аралык аброюна шек келтирүүгө жол бербөө болуп саналат. Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды. Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга “алмаштыргыла” деп айтар элем”, – деди президент Садыр Жапаров.

Мурдараак 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган эле. 2025-жылдын соңунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк жоюлары, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу өнөктүгү башталары жарыяланган.

Былтыр декабрда жана быйыл январдын башында тиешелүү мекемелерге мөөнөтсүз күбөлүгүн алмаштыруу үчүн баргандардын кезеги узарып, талаш-тартыш күчөгөн.

Айдоочулар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу учурунда көбүнчө №083 формасындагы медициналык маалымкат алууга бир нече күндөп убакыт кетирип жатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Былтыр сентябрь айында бул маалымкат үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерине күнүнө 500дөй адам кайрылса, декабрь айында алардын саны үч миңден ашкан.

Мунун фонунда “Түндүк” ишканасын жана “Учкун” ишканасын караган Президенттин иш башкармалыгы эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн №083 медициналык маалымкат жоюлганын жар салган.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алуу үчүн быйыл 15-январдан 15-февралга чейин убакыт берилген. Кийин бул мөөнөт дагы узартылганы маалымдалды. (ErN)

Дагы караңыз

Reuters: Орусиянын мунайдан жана газдан кирешеси 46 пайызга кыскаратОрусиялык укук коргоочу аял беш жылга сыртынан кесилдиКарачи: Cоода борборундагы өрттөн 20дай киши каза тапты, 60тан көбү дайынсыз Иран: Толкуп-тозгон элдин ишенген лидери жокпу?