Атактуу италиялык мода дизайнери Валентино Гаравани 93 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү анын фонду маалымдады.
Маалыматка ылайык, Валентино Гаравани Рим шаарындагы резиденциясында, жакындарынын алдында көз жумган. Ал дүйнө жүзүнө өзүнүн аты — Валентино деген ысым менен таанымал болгон.
Reuters агенттиги белгилегендей, атактуу бренддин негиздөөчүсү катары Валентино ири бизнес-империя курган жана мода дүйнөсүнө "Валентино кызылы" деп аталган өзгөчө түстү алып келген.
Валентино 2008-жылы пенсияга чыккан. Ал мода глобалдык жана жогорку бизнес индустрияга айлана электе жашаган доордун акыркы улуу дизайнерлеринин бири катары Жоржио Армани жана Карл Лагерфельд менен катар аталчу.
Карл Лагерфельд 2019-жылы көз жумган. Ал эми Жоржио Армани 2025-жылдын сентябрь айында каза болгон.