Оштун борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын мамлекетке кайтарылган бөлүгү (кызыл менен белгиленген).

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын ажырагыс бөлүгү болгон, жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы “Социалдык инфратүзүм объектилерин андан ары пайдаланууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №37 жарлыгына ылайык, ишканада мамлекеттин үлүшүнүн көлөмүнө карабастан социалдык инфратүзүм объектилерин сатууга тыюу салынган.

Жогоруда аталган объектини белгиленген жарлыкты бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарышкандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди.

Атайын кызмат менен Башкы прокуратура өлкөнүн ар кайсы аймактарында менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилер мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды улам-улам жарыялап келет. (ErN)

Дагы караңыз

Болгариянын президенти Румен Радев кызматтан кетерин жарыяладыАтактуу италиялык модельер Валентино 93 жашында көз жумдуПрезидент эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу себебин түшүндүрдүReuters: Орусиянын мунайдан жана газдан кирешеси 46 пайызга кыскарат