Бишкекте жол инспекторун унаасы менен сүрүп кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторуна баш ийбей, аны унаасы менен кыйлага чейин сүрүп барган айдоочу кармалды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 19-январь күнү саат 18:00 чамасында патрулдук инспектор "Тойота Эстима" унаасын токтоткон. Бирок айдоочу ага баш ийбей, унаанын жүрүшүнө тоскоолдук кылууга аракеттенген инспекторду 50 метрдей жерге сүрүп барган.

Милициянын маалыматына караганда, ал унааны мас абалында, айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн.

40 жаштагы айдоочу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ага карата "Майда бейбаштык" беренеси менен протокол түзүлүп, өзү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соцтармактарда жол жээгинде жол коопсуздугу кызматкерин кара түстөгү унаа токтобой, сүрүп баратканы тартылган тасма тараган.

Ички иштер министрлиги айдоочуларга мыйзамды, жол эрежелерин сактоону жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууну эскертти:

"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүү жана алардын өмүрүнө, саламаттыгына коркунуч жаратуу жол берилгис жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет".

Жол коопсуздук кызматкерине айдоочулар баш ийбей, унаасы менен сүйрөп кеткен, кээде кол көтөргөн учурлар Кыргызстандын жолдорунда көп эле катталат. Мындай окуялардан улам жаракат алган инспекторлор да болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Оштун борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылдыБолгариянын президенти Румен Радев кызматтан кетерин жарыяладыАтактуу италиялык модельер Валентино 93 жашында көз жумдуПрезидент эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу себебин түшүндүрдүReuters: Орусиянын мунайдан жана газдан кирешеси 46 пайызга кыскарат