Депутат айдоочулук күбөлүк үчүн 10-12 ай окутуунун мөөнөтүн азайтууну өтүндү

Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10-12 ай окутуунун мөөнөтүн кайрадан карап чыгып, азайтууну өтүндү. Эл өкүлү бул маселени 21-январда парламенттин жыйынындагы ар кандай маселелер бөлүгүндө көтөрдү.

“Айдоочулук күбөлүк үчүн окуунун мөөнөтү жаштарды көп түйшөлтүүдө. Машине айдаганды үйрөнүүгө 10 ай окуу өтө көп. Түшүнөм, айдоо маданиятын күчөтүү керек. Муну мектептен, зарыл болсо бакчада балага жолдон өтүүнү үйрөткөндөн баштап, үйрөтүү керек. Бирок окутуунун өзүнө 10 айлык убакыт көптүк кылат. Танк айдаганды үйрөнүү да мындан азыраак болот. Ошондуктан ушул маселени кайрадан карап чыгууну өтүнөм. Реформалар керек, бирок муну кайра карап чыгып, азайтса болот”, – деди Дастан Бекешев.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев былтыр ноябрдагы басма сөз жыйынында 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабылып, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын жана окуу 14 ай болорун айткан. Ал менчик автомектептер мамлекетке алынып, кызматкерлерге шарт түзүлөрүн билдирген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция болуп жатканын билдирип, мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн күбөлүк берүү шарты катаалдап жатканын кабарлаган. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан.

"Автомектептер ассоциациясынын" мүчөлөрү 12-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, 80ден ашуун жеке автомектеп ээлери президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Алар айдоочуларды окутуу мөөнөтүн узартууну 1-сентябрга чейин жылдырууну суранышкан.

Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжановдун сөзүнө караганда, ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуйт.

Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программасы да бекитилди. В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. Ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Буга чейин мамлекеттик жана менчик автомектептерде курсанттар 2,5 ай окучу. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (ErN)

Дагы караңыз

Bloomberg: Алтындын кымбатташынан Орусия төрт жылда 200 млрд доллардан ашык киреше тапты"Манас" аэропортунда тумандан улам айрым учак каттамдары үзгүлтүккө учурадыЧүйдө адам уурдоого шектелген эки жаран кармалдыЗеленский Киевде миллиондон ашуун адам жарыксыз отурганын айтты