Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) адам уурдоого шек саналып 33 жаштагы А. Э. жана 32 жаштагы А. А. аттуу жарандар кармалышканын кабарлады.
Милиция маалымдагандай, алар 2008-жылы туулган И. Т. аттуу жашы жете элек кызды уурдоого шек саналып жатышат.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милициясына 18-январь күнү шаар тургуну кайрылып, жашы жете элек кызды чала тааныш Э. жана А. аттуу жарандар уурдап кетишкенин билдирген. Ошондой эле алар кызды ак түстөгү Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып алып, ар кайсы жерлерде алып жүрүшкөнүн, муунтуп кыйнашканын жана өмүрүн кыюуга аракет кылышканын, кечирээк Чүй районунун Чүй айылында жайгашкан "Жаннат" мейманканасынын жанына таштап кетишкенин маалымдаган.
Бул факт боюнча Токмок шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адамды уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектелген 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандарды аныктап, кармаган. Учурда алар милициянын убактылуу кармоо жайында.
Чүй ОИИБ басма сөз кызматы кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын, бардык зарыл соттук-укуктук экспертизалар дайындалганын кошумчалады.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
13-январь күнү Чүй облусундагы Сокулук райондук милициясы кыз ала качууга шектелген 24, 23 жаштагы эки адамды кармап, камаган.
Жыл жаңырары менен Жалал-Абад облусунда эки аялдын шектүү жагдайдагы өлүмү катталды. Коомчулукта бул эки окуя үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан экени айтылып, милиция териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)
Шерине