Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-январда кечинде жасаган кайрылуусунда Орусия армиясынын чабуулунан кийин Киевде миллиондон ашык керектөөчү электр жарыгысыз калганын билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Украинанын борбор калаасында көп кабаттуу 4 миң үй жылуулуксуз калган, 20-январь күнү шаардагы мындай абалда калган 5,6 миңдей үйдүн 1,5 миңден ашуунуна жылуулук берүү калыбына келтирилген.
Зеленский кырдаалдан чыгуу үчүн зарыл чараларды айтып, анын ичинде генерация жана электр энергиясын тең бөлүштүрүп жеткирүүнү белгиледи. Бул чараларды өкмөт талкуулашы керек.
Президент ошондой эле Орусия тараптан учурулган учкучсуз учактардын мизин кайтаруудагы Аба соккусунан коргонуу күчтөрүнүн ишине канааттанбаганын билдирди, бул маселени коргоо министри Михаил Фёдоров менен сүйлөшкөнүн кошумчалады.
20-январга караган түндө Украинаны Орусия аскерлери 372 дрон жана ракета менен аткылашкан. Анын 342си жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү маалымдаган. Чабуул борбор калаа Киевдеги гана эмес, башка аймактарда дагы негизинен энергетикалык объекттерге жасалганы маалымдалган.
Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түндө Украинанын аскердик объекттерин, анын ичинде украин армиясы үчүн колдонулган энергетикалык жана транспорт инфратүзүмдөрү бутага алганын билдирген.
МАГАТЭ бул чабуулдан Украинадагы өзөктүк коопсуздук үчүн маанилүү деп саналган бир нече электр подстанциялары жабыркаганын Х соцтармагында маалымдады. Ага ылайык, иштебей турган Чернобыл атомдук станциясы энергия берүүчү жабдуудан толук ажырап, башка атомдук электр станциялардын өткөргүчтөрү жабыркаган.
Шерине