Бишкекте кампада өрт чыгып, чет элдик жаран каза болгону кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин районундагы "Эркин экономикалык аймакта" (СЭЗ Бишкек) жайгашкан кампадан өрт чыгып, чет элдик жаран каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, өрт 22-январга караган түндө, саат 02:58де чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон бир чет элдик жаран набыт болду, башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана кесепети аныкталууда.

Бишкекте өрттөн чет элдик жаран каза болгон окуя жыл жаңыргандан бери экинчи ирет катталды. 16-январь күнү шаардын чыгыш тарабында үч кабаттуу жеке жатаканада өрт чыгып, 24 жаштагы пакистандык студент каза болгон. Дагы бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган алгачкы 15 адамга электрондук билерик тагылдыАшканадан генералга чейинки жол. Сыймык Жапыкеев ким? Укук коргоочу  Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгын алды Орусиялык генералдын өлүмү: Ахмаджон Курбонов өмүр бою абакка кесилдиТрамптын талабы. Европа Гренландияны коргой алабы?