Ошол эле маалда коммерциялык банктарда насыясын убагында төлөй албаган жарандардын саны өскөн. 2025-жылдын 30-ноябрына карата төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жалпы суммасы 8 миллиард сомдон ашкан.
Өкмөт "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын иретке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" деген токтом менен той-маараке өткөрүүгө насыя алууну чектегиси келип жатат. Коомдук талкууга чыккан долбоордо “карызга же насыяга акча алып салтанат уюштурууга жол берилбейт” деп жазылган.
Дагы караңыз Той-топур үчүн насыя алууга тыюу салуу сунушталдыБуга улай Жогорку Кеңеште керектөө насыяларынын үстөк пайыздарын төмөндөтүп, кардарды “кара тизмеге” киргизүү жол-жобосун жеңилдетүү сунушталып жатат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Марлен Маматалиев керектөө насыясынын үстөк пайызын 100% чейин көтөрүп алуу тажрыйбасын көзөмөлдөп, 35% ашырбоо жана 100 миң сомго чейин алгандарды “кара тизмеге” киргизбөө керек деп эсептейт:
Марлен Маматалиев
“Эл жөн эле барып ала бербейт да. Демек, үйүндө алып аткан өзүнүн бюджетинин жетпегине байланыштуу, айла жок ушундай нерселерге барып атат да. Барып баласынын контрагын төлөйм дейт же дагы бир нерселерди кылабыз дейт. Анан, биз жанагы той-топурларды азайткандын бирден-бир себеби дагы ушул. Анткени, кайсы жерде болбосун, биздин кыргыздар намыска салып, “башкалардан кем болбоюн” деп насыя алып мал сойгондор көп болуп атат. Той өткөргөнгө же маркумду акыркы сапарына узатууга дагы алып атат. Айтор, турмушта адамдардын ар кандай көйгөйлөрү бар экен. Бул жерде, албетте, банктарга жакшы нерсе. А жөнөкөй эл, мамлекет үчүн бул сигнал деп айтат элем. Эмне үчүн мындай болуп баратканын биз ойлонушубуз, талдашыбыз керек. Колдон келишинче андайга жеткирбеш керек. Демек, “өзүнүн бүгүнкү күнү таап аткан айлыгы жетишсиздиктен келип атабы, эмне үчүн андай кадамдарга барып атат” деп, муну сөзсүз талдашыбыз керек. Бул жакшы эмес көрсөткүч”.
Өлкөдө былтыр 1-ноябрдан тартып насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу механизми да ишке киргизилген. Мындай чара жарандарды алдамчылардын торунан жана ойлонулбаган чечимдерден коргоого багытталган.
Керектөө насыясынын арышы күчөдү
Кыргызстанда калктын керектөө насыясын алуу көрсөткүчү абдан ылдамдык менен өсүп барат. Соңку эки жылдан бери банктар менен микрофинансылык уюмдардын берген керектөө насыялары көлөмү боюнча сап башына чыккан.
Расмий статистикага көз чаптырсак, 2025-жылдын январь-ноябрында коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар калкка 212 млрд сомго жакын керектөө насыясын берген. Бул берилген жалпы насыянын 38% түзөт. Бул үлүш 2024-жылы 31%, беш жыл мурда 17% болчу.
Акча-насыя рыногундагы берилген керектөө насыясынын көлөмү 2025-жылдын он бир айында былтыркыга караганда 81%, беш жыл ичинде 5,9 эсе өскөн. Абсолюттук көрсөткүч менен алчу болсок, бул сумма 2024-жылы 117 млрд сом, беш жыл мурун (2021-жылы) 36 млрд сом болчу.
Коммерциялык банктарда бул көрсөткүч мындан да кыйла тез – бир жылда 87%, беш жылда дээрлик 8 эсе ылдам арыштаган. Улуттук банктын эсебин карасак, коммерциялык банктар берген керектөө насыясынын көлөмү 2025-жылды ноябрында 172,5 млрд, 2024-жылы 92,2 млрд, 2021-жылы 21,7 млрд сом болгону маалым.
Керектөө насыясынын өсүп жатышы соңку кездери коомдо көбүрөөк талкууланып жатат. Талкууда “элдин жашоосу жакшырдыбы же, тескерисинче, акча жетпей баратабы” деген эки тараптуу суроо берилет. Насыялардын көбөйүү себебин кымбатчылыкка, кирешенин инфляцияны кууп жетишпей жатышына жана каражаттын тартыштыгына байланыштырышат.
Эл аралык институттардын Кыргызстандагы сурамжылоолорунда адатта жумушсуздук, каражаттын тартыштыгы, кымбатчылык жана маяна-пенсия-жөлөк пулдун аздыгы сыяктуу маселелер үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн сап башына чыгып келет.
Банк тармагындагы эксперт Бактыбек Шамкеев калктын кирешеси керектөөсүн канааттандыра албай жаткандыктан, ошол эле маалда насыя алууга туш-тараптан үгүт күч болгондуктан, жашоо-турмушун алдыга жылдыруу үчүн насыя алууга баш коюп жатат деп эсептейт:
Бактыбек Шамкеев
“Азыр социалдык тармактарда ар кандай багыттагы жарнамалар катуу жүрүп жатат. Буюмдарды, унааларды – иши кылып керектөө товарларын сатып атышат. Менин оюмча, ушунун негизинде азыр керектөө насыларына суроо-талап аябай күчөдү. Экинчи жагынан, эл өзүнө комфорттук турмушту түзүш үчүн ар кандай буюмдарды алганга муктаж болуп атат. Негизги эки себеби ушулар. Базарда товарлар, тамак-аш кымбаттап атат. Ага карабай, эл “мурда ушунча көлөмдө алчу элек” дегенге көнүп калгандыктан жетпеген каражатын насыяга алууда. Анан, бири-бирин көрүп саякатка чыгып атышат. Азыр насыя берүүнүн жол-жобосун өтө эле жеңилдетип койбодубу. Көп керектөө насыялары паспорт менен эле берилип жатат. Соода борборлорун карасаңар, бүт эле насыяга сатып атышат”.
Калктын керектөө насыясын кайтаруу кудурети начарладыбы?
Адатта берилген керектөө насыяларынын 2% көбүрөөгү мөөнөтүндө кайтарылбай калат. Насыя алуучулардын санына карасак бул 7% жакындайт.
2025-жылдын ноябрына карата коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдарга мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялардын көлөмү дээрлик 11,4 млрд сом болгон. Убагында кайтарылбаган керектөө насыяларынын көлөмү башка насыяларга салыштырмалуу бир кыйла ылдам өсүп баратканы байкалат. Маселен, ноябрдагы эсепте коммерциялык банктарга төлөө мөөнөтү өтүп кеткен жалпы 8 млрд 266 млн сомдун 45% (3 млрд 719 млн сом) керектөө насыялары болуп эсептелет. Бул көрсөткүч бир жыл мурда 29%, беш жыл мурда 12% болчу.
Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Маматибраим уулу насыячылар көп учурда өзүнүн финансылык кудуретин туура баалай билбегенден улам кайтарууга келгенде көйгөй жаралып жатканын айтат:
“Насыя алууда ар бир жаран эң биринчи кезекте өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн байкашы керек. Бизде финансылык сабаттуулук төмөнүрөөк болгонго байланыштуу көп жарандар насыя алуунун алдында артын ойлобой, төлөгөнгө алы келбей турган суммаларды, тилекке каршы, алып алышат. Ошол себепке байланыштуу, насыя алууда эң биринчи ирет жарандар өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүн карашы керек. Насыя төлөөдө эгерде жарандын ар бир айлык кирешесинин насыя төккөнгө 30-50% ашпаган сумма төлөнүп тургудай кылыш керек. Бирок, жогоруда атагандай, көп жарандар андай эрежелерди эске албай, кийинчерээк насыя төлөө учурунда кыйынчылыктарга чалдыгып калып атышат”.
Расмий статистика боюнча, азыркы учурга карай Кыргызстанда 22 коммерциялык банк, 104 микрофинансылык уюм жана 75 насыялык бирикмелер иштейт.
Керектөө насыясынын орточо салмактанып алынган пайыздык чендери коммерциялык банктарда 20-22%, микрофинансылык уюмдарда 32% ашат. Бул жерде сөз мааниси “орточо салмактанып алынган” деген жерде жаткандыктан, чыныгы пайыздык чендин көлөмү иш жүзүндө бир кыйла көп болуп чыгат. Аны Улуттук банк көзөмөлдөй албайт. Эсептик чен аркылуу жөнгө салууга аракет кылганы менен бир топ жагдайлардан улам анысы турмушта иштей бербейт.
Дагы караңыз Жарандардын насыя тарыхын сактоо мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда