Кытайлык компания Кыргызстанда жаңы типтеги турак жай комплекстерин курат

Ли Юхай жана Равшан Сабиров. Бишкек, Кыргызстан. 21-январь, 2026-жыл.

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кытайдын "Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптардын жолугушуусу 21-январда өткөнү тууралуу маалымат агенттиктин сайтына жарыяланды.

Жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, кытайлык компания Кыргызстанда бизнес-борборлорду, турак жай жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс долбоорун ишке ашырууга инвестиция салуу ниетин билдирген.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвесторго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде инвестициялык долбоорду коштоого жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен ички маселелерди координациялоого даяр экенин билдирген.

Маалыматта аталган компания бул үчүн канча каражат инвестиция салууга даяр экени ачыкталган эмес.

"Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясы Кыргызстандын Юстиция министрлигинин каттоосунан 2025-жылы 22-августта "чет элдик катышы бар ишкана" катары катталган. Жеке компания деп аталган ишкананын директору Ли Юхай. Андан тышкары Ши Цзинхуа жана Юань Лианфу деген жарандар компаниянын негиздөөчүлөрү деп көрсөтүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Энергетика министринин орун басары жарыкты кезектештирип өчүрүү жок экенин айттыУкук коргоочу  Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгын алды Путин Тынчтык кеңешине кирүүгө камактагы активдерден 1 млрд доллар төлөөгө даярдыгын билдирдиБишкек: Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды, балдары таятасынын кароосуна берилди"Көрүнгөн машинанын артында өлүк". Ирандагы калабанын каардуу тагыU-20: Кыргызстандын хоккейчилери алдыга чыкты