Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

U-20: Кыргызстандын хоккейчилери алдыга чыкты


Хоккей мелдешинде Кыргызстандын жаштар курамасы Ирандын командасын 15:1 эсебинде утту. Бишкек, Кыргызстан. 21-январь, 2026-жыл.
Хоккей мелдешинде Кыргызстандын жаштар курамасы Ирандын командасын 15:1 эсебинде утту. Бишкек, Кыргызстан. 21-январь, 2026-жыл.

Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Бишкек шаарында өтүп жаткан үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) дүйнө чемпионатында үчүнчү жолу катары менен жеңишке жетишти.

Хоккей федерациясы маалымдагандай, 21-январда турнирдин үчүнчү айлампасынын алкагында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасы менен беттешип, 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты.

Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды.
Үч айлампанын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээледи.

Бүгүн, 22-январда, саат 20:00дө Кыргызстандын курамасы Люксембургдун курама командасы менен беттешет.

20 жашка (U20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте 18-январда башталган. Анда Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашууда.

Турнир 24-январда аяктайт. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG