Кара-Кулжада жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

24-январга караган түндө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында жер титиреди. Силкинүү саат 1:32де катталып, күчү 3 баллды түзгөн.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу аймактагы Терек-Суу айылынан түндүк-чыгышты көздөй 2 чакырым, ал эми Сары-Бээ айылынан түштүк-батышты көздөй 4 чакырым аралыкта катталган.

24-январда таңкы саат 5:07де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында да силкинүү катталып, күчү 3,5 баллды түзгөнүн Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, аймактагы силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Ачык-Суу айылынан 18 чакырым, Кабык айылынан 33 чакырым аралыкта - Тажикстандын аймагында болгон.

Аталган айылдарда жер титирөөнүн күчү 3,5 балл болуп сезилген.

Кыргыз-тажик чек арасында силкинүү 2-январда да катталып, очогу Ош шаарынан түштүк-батыш тарапта 127 чакырым аралыкта турган Заалай тоо кыркаларында болгон. Эл жашаган аймактарда силкинүүнүн күчү сезилген эмес.

Кыргызстанда күчү 2-3 баллды түзгөн силкинүүлөр өткөн жылы арбын катталды. Былтыр март айында очогу Казакстанда болгон жер титирөөнүн толкуну Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жеткен. Айрым райондордо дубалдарынан жарака кеткен үйлөр катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Беш жолу далысын кыйдырган". Милиция ымыркайдын өлүмүн териштирет "20 жылда 28 чарчы метр үйгө жеткем". Анар-Бактагы снос маселеси Тегеран: Өрттөлгөн мечиттер жана жымжырттык Насыя алууга "Түндүк" аркылуу өзүнө тыюу салгандар 150 миңден ашты2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыгынан 900 адам каза тапты