Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

"20 жылда 28 чарчы метр үйгө жеткем". Анар-Бактагы снос маселеси


Анар-Бак конушундагы чогулган тургундар, 23-январь, 2025-жыл
Анар-Бак конушундагы чогулган тургундар, 23-январь, 2025-жыл

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Анар-Бак конушундагы мыйзамсыз салынган үйлөрдү кыш бүткөнчө бузбай туруу тапшырмасын берди. Мунун алдында Октябрь райондук акимиаты бул жерде өткөн жылдын октябрында салынган төрт үйдү атайын техника менен барып бузмай болгон.

23-январда конуштун тургундары чогулуп, бийликтин аракетине каршылык билдиришти. Алар жер тилкелерин мыйзамдуу сатып алганын, үйлөрүн жеңил конструкция түрүндө гана тургузганын айтып жатышат.

Анар-Бак конушунда мыйзамсыз салынганы айтылган төрт үйдүн ээлери менен Октябрь районунун акиминин орун басарынын ортосунда сүйлөшүү болуп, анда тургундар 20 күндүн ичинде жеңил конструкциядан салынган үйлөрүн чыгарып кетүүгө убада беришти. Бирок ошол эле учурда үйү турган жерлерди алды 30 миң доллар төлөп сатып алганын, мыйзам бузуу болбогонун айтып жатышат.

Арасында айрымдары буга чейин бер нече жолу бийлик өкүлдөрүнө видео кайрылуу жасаганы үчүн 3-4 жолу милицияда сурак берип келгенин айтып, алардын үнүн уккан тийиштүү орган болбой жатканына даттанышты.

Аида Мукамбетова
Аида Мукамбетова

"Кошунамдын мээсине кан таамп кетип каза болду, андан бир жыл өтпөй менин жолдошум каза болуп калды. Алар ушул жер маселесин ойлоп атып эле ушундай болушту. Мага окшогондор, көп балалуу үй-бүлөлөр толтура бул жерде. "Кызыл китеби барлар камырабай отура бергиле" дешет, а биз, кызыл китеби жоктор, шахматтык негизде калып калгандардын маселеси эмне болот? Биз жерди ошолор менен чогуу эле алганбыз. Комиссиянын жыйынтыгын күткүлө дейт да эки күндүн биринде үйүбүзгө милиция келет. Силер видео кайрылуу жасап атасыңар, силердин ага укугуңар жок дешет. Улам келип коркутушат, ал тургай техникасын алып келип, "үйлөрүңөрдү снос кылабыз" дешет. Кандай немелер булар?",-деди конуштун тургундарынын бири Аида Мукамбетова.

Анар-Бак конушунда 400дөн ашык үй бар. Алардын биринде жашаган дагы бир тургун, тикмечи Аида Керимакунова жерин 2019-жылы алып, өткөн жылы гана 1,5 млн сом кредит алып, жеңил конструкция түрүндө чакан үй тургузуп алган. Ага чейин төрт жыл муздак контейнерде жашап келген жесир аялдын колунда кары энеси жана эки окуучу баласы бар.

Үй салам деген учурда келин мугалимдик кесибин таштаганын айтууда. Айына 70 миң сом насыя төлөгөн Керимакуновага Октябрь акимиаты 22-январда "жерди бошотууга бир күн убакыт берилет" деген билдирүүнү тапшырып кеткен:

Аида Керимакунова жеңил конструкциядан жасалган, бирок пайдубалы бар бул үйдү 20 жыл иштеп жүрүп алган жерине былтыр салганын айтууда.
Аида Керимакунова жеңил конструкциядан жасалган, бирок пайдубалы бар бул үйдү 20 жыл иштеп жүрүп алган жерине былтыр салганын айтууда.

"Жерди 2019-жылы алып, үйдүн пайдубалын куюп кеткенбиз. Балдарым менен контейнерде жашап жүрдүм. Былтыр жердин ээсинен "баш тартуу" кагазын алгандан кийин ушул үйдү - 28 чарчы метрди салдырттым. Кичинекей эле үй, ушуну да кредитке салгам. Эми "үйүңөрдү бузгула" дегенден бери айламды таппай отуруп калдым. Бул жерди чечип берсе, элди кыйнабай тим койсо жакшы болмок. Эгер акчабыз болсо биз деле бардык документи туура үйдөн алып тынч жашай берет элек, биздин колубуздан келгени эми ушу болду. Азыр бизге деле кыйын болуп атат. Барчу жерим, баш калкалар жерим жок. Батир деген 30-40 миң болуп кеткен, мойнумда кредит турат".

Төрт балалуу Эрлан Маматовдун да үйү ушул эле конуштун чет жакасында. Ал эки контейнерди бириктирип, пайдубалы жок үй тургузуп алган. 20 жыл батирлеген Маматов бул үйүн тургузуш үчүн жүк ташыган оор техникасын сатып, болгон акчасын салганын билдирди:

Эрлан Маматов
Эрлан Маматов

"Биз жашап жаткан батирди үйдүн ээси сатып жибергенин айтып, үйдү бошоткула деп калды ушул күздө. Анан биз бул жерге келип, үй салсак болобу десек, жок деди. Бирок биздин колубузда келишим жана жер ээсинен баш тартуу каты бар. Фундамент куйганга болбойт деди. Жашаганга жер жок десек мурдагы айыл өкмөт башчы жеңил конструкциядан үй салса болот деп айтканын мындагы кошуналар айтканынан ушул үйүмдү салып, меш да коюп алгам".

Маматовдун үйү да конуштагы бузула турган төрт үйдүн бири экенин акимиат эскерткен экен.

Ал эми үйү бузулат деп эскертүү алган үчүнчү үй-бүлөнүн жашы жете элек үч баласы бар. Алар жерди жазында 30 миң долларга сатып алып, бул жеңил конструкциядагы үйдү алып келип койгон. Айына 53 миң сомдон кредит төлөйбүз деген Айсулуу Сапарова эми чилдеде кантебиз деп турат:

Айсулуу Сапарова
Айсулуу Сапарова

"Мыйзамды бузбайлы деп ушул жеңил конструкциядагы үйдү алып келип койгонбуз. Негизи биз жерди алып атканда "сала бергиле, жок жегенде времянка салып кое бергиле" дешкен. Мына, бир кенедей бөлмөдө кайненем жатат, андан кичинесинде балдарыбыз жатат. Ушундай шартта күн кечирип келебиз".

Октябрь акимчилиги "снос" иштерин жүргүзүү үчүн "Тазалыктын" кызматкерлерин жана алардын атайын техникасын тарткан.
Октябрь акимчилиги "снос" иштерин жүргүзүү үчүн "Тазалыктын" кызматкерлерин жана алардын атайын техникасын тарткан.

Бузулат деген төртүнчү жеңил конструкциядагы үйдө эч ким жашабайт, бош турат. Дал ушул төрт үйдү бузуу үчүн 23-январда конушка Октябрь районунун акиминин орун басары Марат Турсунов, №406 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Нурсултан Нурлан уулу милициянын жана "Тазалыктын" оор техникасынын коштоосунда барды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен конуш тургундарынын ортосунда чуу болуп, эл жолду тороп, оор техниканы өткөрбөй турду. Алар келгендерге кандай шартта жашап жатканын да көрсөтүштү.

Марат Турсунов
Марат Турсунов

"Өткөн жылдын сентябрь-октябрь айларында биз бул конушта дрон учуруп, үйлөрдү санап, тизмектеп чыкканбыз. Анан кайра дронду ушул жылдын 20-январында көтөрдүк. Жыйынтыгында тыюу бар экенин карабай төрт жаңы үй курулуп калган, анын биринин фундаменти бар. Азыр корейлердин жерпай калыптары бар, ошону менен 2-3 метр кылып куя койгон. Ал иштерди кышында, дем алыш күндөрү, түн жамынып кылышкан. Азыр эми жер комиссиясы өз ишин аткарып атат. Бирок эл өз маселесин өзүлөрү оорлоштуруп атат. Буларга күтүп тургула деп кайра-кайра айтып атсак дагы эч нерсени укпай салып алышты. Бул мыйзамсыз курулуштар токтобой келатат, анан биз кандай кылышыбыз керек. Комиссия чечим чыгарганда бир жаңсыл болгон туура да", - деди Марат Турсунов.

Акимдин орун басары мындай текшерүү чаралары эми башка конуштарда да жүргүзүлөрүн билдирди. Анар-Бак конушундагы элдин каршылыгы менен коштолгон бул окуя тууралуу кабар-видеолор соцтармакта тарап жаткан кезде президенттин маалыматтык саясат кызматы билдирүү таратты. Анда президент кыш бүткүчө эл жашап жаткан үйлөрдү бузбай туруу тапшырмасын бергени айтылды.

Анар-Бактын тургундары бузулары айтылган үйлөргө милициянын, "Тазалыктын" унааларын киргизбегенге аракет кылып, жолду тороп турушту.
Анар-Бактын тургундары бузулары айтылган үйлөргө милициянын, "Тазалыктын" унааларын киргизбегенге аракет кылып, жолду тороп турушту.

“Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады: “Ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт. Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган имараттар гана алынат жана тазаланат”. Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, – деди Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков.

Бирок акимдин орун басары соңку 2-3 айда салынган үйлөрдү бузуп, жерлерди баштапкы калыбына келтирүүгө 20 күндүк убакыт берди.

"Эскертүү бердик, "20 күндө үйүмдү алып кетем, азыр жолдошум чет өлкөдө" деди. Мен эскертип коеюн, жерди өз билемдик менен ээлеп алуу мыйзамды бузуу менен барабар. Бийлик органдарына, ички иштер органдарынын кызматтарынын ишине тоскоолдук жаратканыңар да мыйзам бузгандык болуп эсептелет", - деп кошумчалады Марат Турсунов.

Бийлик өкүлдөрү кеткен соң тургундар өз ара сүйлөшүп, башка курулуш жүргүзбөөнү убадалашышты, ошондой эле президентке кайрылышты. Алардын бири пенсионер Абдыганы Мырзаев бул конушта жашагандардын көбү жер алып, там салуу үчүн Орусияда он жылдап миграцияда жүргөндөр дейт:

Атайын техника акыркы 2-3 айда салынганы айтылган үйлөрдүн бирин бузуу үчүн элдин каршы болгонуна карабай келген учуру.
Атайын техника акыркы 2-3 айда салынганы айтылган үйлөрдүн бирин бузуу үчүн элдин каршы болгонуна карабай келген учуру.

"Бул жерде 2018-2019-жылы жер алгандар бар. Ошолорго документ алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Анткени колунда барлар үйүн салып, кирип алышты. Колунда жоктор болсо Орусиялап миграцияга иштегени кетишти. Алардын баары үй курам деген изги тилек менен жүрүшөт. Мына ошолорго мүмкүнчүлүк бериңиз, ушул жер айыл болуп калсын".

Апта башында Анар-Бактын тургундары чогулуп, расмий түрдө конушка “калктуу конуш” макамын берүүнү суранып, бийликке кайрылган. Алар азыр Анар-Бак жаңы иштелип жаткан башкы пландын концепциясында функционалдык багыты аныкталбаган жер болуп көрсөтүлүп калганы президентке кайрылуусуна негиз болгонун белгилешкен.

"Мыйзамсыз салынган" деген негизде Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарындагы турак жайларды бузуу чаралары 2-3 жыл мурун башталган.

Өзгөчө былтыркы жылы бул маселе курчуп, борбор калаанын чет жакасындагы Көк-Жар конушунун №172 контурунда дүкөн жана башка коммерциялык багыттагы имараттар бузулган. Анда жергиликтүүлөр менен укук коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү ортосунда чыр чыгып, бир катар жаран кармалып, камакка алынган.

Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык жер мунапысы жүргүзүлүп, 2021-жылга чейин салынган жүздөгөн жер там легалдаштырылган. Азыркы тапта болсо президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү ишин аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 16-декабрда кол койгон.

Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл кирет. 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулган.

Ал эми талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияга 2021-жылдын 1-декабрына чейин бош жаткан жерлерди кароо тапшырылган. Бул жер тилкелери мамлекеттин карамагына алынышы да мүмкүн. Алардын ээлерине айыл чарба багытындагы башка жер тилкеси сунуш кылынышы да ыктымал. Же "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" фондунан үлүштүк катыш шартында батир алуу сунушу берилет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG