Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип 26-январь күнү саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун кабарлады.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл болгон. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин (Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта) сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады. (BTo)