Бишкектеги мейманканада бычакталган кыз каза болду

Кармалган шектүү.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мейманканалардын биринде бычак жеген кыз каза болгонун билдирди.

Шаардык милициянын маалыматында 26-январда Кулиев көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканалардын биринде эркек киши кызды бычак менен сайып жиберип, ал алган жаракатынан окуя болгон жерде каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыз менен бала (Д.М. жана Р.Э.) спирт ичимдиктерин ичип отуруп чырдашып кеткени аныкталган. Маркум шектүүнүн колуна бычак менен жаракат келтиргени, кийин ал кызды моюнга сайып салганы такталган.

Бул факты боюнча Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ депутат Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Азаматованын окуясын териштирип баштадыСтамбулда өзбекстандык кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды Этнограф, чебер Айдай Асангулова оорудан улам каза тапты Чүй милициясы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча маалымат бердиСот Шайлообек Атазовду жана дагы бир шектүүнү үй камагына чыгардыЭкс-депутат Нооманжан Аркабаев дүйнө салдыМинистрдин орун басары эттин баасы туруктуу кармалып жатканын айтты