Ага ылайык, алардын бөгөт чарасы 24-январда каралган. Ички иштер министрлиги былтыр ноябрь айында "калайман башаламандык" уюштурууга айыптап 10 адамды камаган. Алардын арасында Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыровдон сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дагы болгон.
Милиция ошондон бери бул ишке байланыштуу маалымат бере элек.
Кубанычбек Кадыровдун абактан чыкканын биринчилерден болуп 24-январда буга чейин жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев кабарлады. Ал Фейсбуктагы баракчасына аны менен кошо кармалгандардын баары чыгышы керектигин жазды.
"Кубанычбек Кадыров бүгүн түрмөдөн чыгыптыр. Бул саясатчы демократия, сөз эркиндиги деп үч жолу отуруп чыкты, азамат байке. Мен Кубан байкени 1995-жылдан баштап билем, Кыдыкбаев Марс деген курсташымдын агасы. Жакында подкастка барганда энеси жакында эле Максат деген эң кичүү уулун жоготконун, эми кант диабетинен ыйлай берип көзү дагы көрбөй калганын билдирдим эле. Эч ким бул дүйнөдө ыйлабасын, өзгөчө энелер. Садыр авама (Садыр Жапаров - ред.) да чоң рахмат, угуп туруп түрмөдөн бошотконуна. Эми Атамбаевдин балдарын, Шайлообек Атазовду, Урмат Барктабасовду да чыгарып койсо айкөлдүк болот", - деп жазган Жапыкеев.
Мындан көп өтпөй Шайлообек Атазов дагы үй камагына чыкканы белгилүү болду. Экс-депутаттардын бошотулганын Бишкектеги Биринчи май райондук соту бышыктады жана кеңири маалымат берген жок.
Дагы караңыз 22-ноябрь: Чуулгандуу видеодон кийинки тинтүү жана кармооАтазов жана Кадыров жана алардын жактоочулары, жакындары буга байланыштуу азырынча үн ката элек.
Атазовдун жакын санаалашы Руслан Бекназаров "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мурдагы депутат тергөө абагында отурган эки ай ичинде бир дагы жолу суракка чакырылбаганын билдирди.
Руслан Бекназаров
"Атазов тергөөчүлөргө берилген доо арыз менен кечээ үй камагына чыкты, бөгөт чарасы өзгөрдү. Буюрса ден соолугу жакшы эле, үйүндө эле болот. Ал тергөө абагында эки ай отурду да. Бирок аны тергөөчүлөр бир да жолу сурап койгон жок. Ошондуктан иш кайсы баскычта турганы белгисиз. Болгону биздин билгенибиз алар "кээ бир материалдарды эспертизага бергенбиз, ошонун жыйынтыгы чыга элек" деп жатышат. Биздин доо койгонубуз дагы ушул болду. Эгер экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болсо, анан кайдан аларды силер күнөөлүү деп таптыңар"дедик. Биринчи эспертизанын корутундусун чыгарып, "ооба, ушундай күмөндүү ойлор айтылган, күмөндүү адамдар менен сүйлөшкөн" деп туруп камашыңар керек эле да, жөндөн жөн эле камадыңар дедик. Эки айдын ичинде бир дагы сурак болгон жок, сурак болбогону аз келгенсип бир дагы жыйынтык жок. Эки ай тергөө абагында жөн эле отурушту", - деди Бекназаров.
Дагы караңыз Кыргызстан: Саясатта эмне өзгөрдү?Ички иштер министрлиги (ИИМ) былтыр ноябрда бул ишке байланыштуу жалпы он адам камакка алынганын билдирген. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналып жатканы белгилүү болгон.
Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун адвокаты Нурбек Токтакунов жалпысынан үч адам үй камагына чыкканын билдирди.
Атамбаев менен Султанбеков тергөөдө сурактан баш тартканын маалымдады.
Нурбек Токтакунов
"Үй камагына Атазов, Кадыров жана Кубанычбеков чыкты. Алар адвокаттардын тергөөчүгө киргизген өтүнүчтөрү менен чыкты. Алар бул ойдон чыгарылган иш экенин түшүнүштү да. Эч ким ишенбейт деп аларды акырындан чыгарып жатат. Атазов дагы, Кубанычбек Кадыров дагы күнөөнү мойнуна албай турганын айтты. Кадыров керек болсо Атамбаевге душман болчу. Ошондуктан "заговор" болгонуна эч ким ишенбейт деп аларды акырындан чыгарып жатат. Мен буга чейин соцтармакка пост жазган элем, эки адамды Атазовго каршы көрсөтмө бересиңер деп кыйнап жатат деп. Азыр эсимден чыгып кетиптир, бирок ошолордун бири Кубанычбеков болсо керек эле. Султанбеков менен Атамбаев тууралуу тергөөчүлөргө мындай арыз берилген жок, анткени аларды баары бир кое беришпейт. Алар эң башында, мен бул ишти ала электе бир көрсөтмө беришкен, ошол бойдон беришкен жок. Кол тамгасынын үлгүсүн алабыз деп жатышкан. Биз андан баш тарттык. Биз тергөөдө көрсөтмө бергенден баш тарттык. Анткени андан пайда жок, баары бир адилеттүү карабайт. Сотто гана көрсөтмө беребиз. Көрөбүз, сотко жетеличи. Тигилерди чыгарды, эми сотту ылдамдатышат окшойт. Качан сотко жетерин айта албайм, балким дагы жомокторду ойлоп табышабы, белгисиз",-деди Токтакунов.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды милиция "белгисиз жаран" катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагып келишкен.
Кубанычбек Кадыровго Кемпир-Абад иши боюнча да “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. 2024-жылдын 14-июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков бул ишке байланыштуу 22 саясатчыны жана активистти актаган. Прокуратура өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, иш шаардык сотто каралууда.