Таштандыдан табылган сөөк
Маалыматка караганда, 24-январь күнү кечинде Стамбулдун Шишли районунда таштанды чогултуп жүргөн адам контейнердин ичинде жаткан сөөктү көрүп, полицияга кабар берген. Сөөк аял кишиге таандык экени жана башы кесилгени аныкталган.
Айрым кабарларда анын баш сөөгү кийинчерээк башка көчөдө чемодандын ичинен табылганы айтылды.
Жергиликтүү полиция экспертиза өткөрүп, киши колдуу болгон аял өзбекстандык 36 жаштагы Дүрдана Хакимова экенин билдирди. Расмий Ташкент да бул маалыматты ырастады.
“Окуя боюнча Өзбекстандын эки жараны кармалды. Алар Түркиядан Грузияга учуп кетүүгө аракет кылып жатканда колго түшкөн. Башкы консулдуктун дипломаттары маркумдун үй-бүлөсү менен байланышып, керектүү укуктук жардам көрсөтүп жатат”, – деп маалымат берди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Жергиликтүү басылмалар эки шектүү сөөк табылгандан соң сегиз саат ичинде колго түшкөнүн, кийинчерээк дагы бир шектүү кармалганын жазышты.
Бейрасмий кабарларда айтылгандай, шектүүлөрдүн бири полицияга ошол күнү аял менен таанышканын жана ортодо чыккан жаңжал учурунда аны бычактап салганын айткан.
Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Дүрдана Хакимова жети жылдан бери Стамбулда жашап, мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөнүн, анын эки баласы бар экенин билдирген.
Би-Би-Синин өзбек кызматы Түркиядагы укук коргоочуларга таянып, аялдын ким экени бармак издери аркылуу аныкталганын билдирди. Алардын айтымында, эгер ал өлкөдө мыйзамсыз жүрсө, анын бармак издери базада болбойт эле.
Стамбулдагы жана Анкарадагы нааразылык акциялары
Түркияда аялдардын укугун коргогон уюмдар жана активисттер жекшемби күнү Стамбул менен Анкарада нааразылык акцияларын өткөрүштү. Euronews, BBC жана башка маалымат булактарына ылайык, ондогон аялдар “Эркектердин зомбулугун токтоткула”, “Өлтүрүлгөн аялдар үчүн адилеттик талап кылабыз”, “Мигрант аялдар жалгыз эмес” деген жазуулар бар плакаттар менен жүрүшкө чыкты.
Алардын колунда Дүрдана Хакимованын аты жазылган плакаттар да болгон. Активисттер маркумдун сөөгү табылган жерге барып, “Аялдар эми унчукпай турбайт” деген ураандарды айтышкан.
“Аялдарга каршы кылмыштарды токтотобуз” платформасынын өкүлү Ишил Курт билдирүү жасап, кылмышкерлер жазадан коркпогондуктан аялдын сөөгүн ачык эле контейнерге таштап кетишкенин белгилеген.
Азырынча өзбекстандык активисттердин реакциясы тууралуу маалымат жок.
Журналист Шухрат Шакиржонов Х социалдык тармагына:
"Түркиянын аялдарына алкыш. Зомбулуктан бир аял өлтүрүлсө дароо жалпы нааразылык акциясына чыгышат. “Э, бул бизден эмес, бөтөн, өзбекстандык экен” деп карап отурушпайт…" - деп жазды.
Түркиядагы өзбектер
Түркия - Өзбекстан жарандары үчүн эмгек мигранттары агылган негизги багыттарды бири. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын башында өлкөдө 58 400 өзбекстандык расмий жашоо уруксаты менен каттоодо турган. Өзбекстандык мигранттар негизинен тейлөө тармагында, курулушта жана үй кызматтарында иштешет.
JSTOR аттуу ири академиялык маалымат базасында жарыяланган баяндамаларда Түркиядагы өзбек мигранттарынын арасында аялдардын саны эркектерге караганда көп экени белгиленген.
Зомбулуктун статистикасы
Акыркы жылдары Түркияда өзбекстандык аялдардын өлүмү менен аяктаган бир нече зомбулук фактылары катталган.
Маалымат каражаттары жазгандай, 2023-жылы Дюзже шаарында өзбекстандык аялды күйөөсү бычактап өлтүрүлгөн. 2025-жылдын апрелинде Стамбулдун Пендик районунда өзбекстандык эркек жубайын бычактап салганы үчүн өмүр бою түрмөгө кесилген. Ошол жылы августта Стамбулдун Умрание районунда 35 жаштагы өзбекстандык аялды күйөөсү өлтүргөнү тууралуу кабар тараган.
Түркияда аялдардын өлүмү боюнча расмий жалпы улуттук статистика жарыяланбайт. Активисттер жана уюмдар маалыматтарды негизинен медиада чыккан кабарлардан чогултушат.
“Аялдарга каршы кылмыштарды токтотобуз” платформасынын баяндамасына ылайык, 2025-жылы 294 аял эркектердин колунан набыт болсо, дагы 297 аялдын сөөгү шектүү жагдайларда табылган.
Өзбекстанда да аялдарга каршы зомбулук акыркы жылдары көбөйгөнү расмий жана эл аралык булактарда белгиленип келет.
2025-жылдын август айында сенатор Малика Кадырханова расмий статистикага таянып билдиргендей, жылдын биринчи жарымында өлкө боюнча 48 303 зомбулук жана басым көрсөтүү фактысы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121% көбөйгөн. Сенатор бул маселеге олуттуу көңүл бурууга чакырган.
Өзбек өкмөтү гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча иштер мыкты деңгээлде жүрүп жатканын такай белгилейт.
Ал эми UN Women уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда Туруктуу өнүгүү максаттарындагы (SDG) гендерге байланышкан көрсөткүчтөрдүн болгону 40,2% гана камтылган. Адистер муну аялдардын жашоосуна тиешелүү бир катар маанилүү тармактар боюнча толук жана ишенимдүү маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт.
Human Rights Watch уюмунун 2024-жылдагы отчетунда да мыйзамдарда реформаларга карабай, Өзбекстанда аялдарды коргоо механизмдери чыныгы турмушта жетиштүү натыйжа бербей жатканы айтылган.