АКШда калың кар жаап, кеминде 30 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды

Вашингтон, 25-январь 2026-жыл

Кошмо Штаттарда катуу бороондон, соңку маалыматка ылайык, бери дегенде 30 киши каза болду, жүз миңдеген керектөөчү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу 27-январда Associated Press кабарлады.

Улуттук Метеорология кызматынын маалыматына караганда, мектептер менен жолдор жабык, 11 миңден ашуун авиа каттам аткарылбай калды.

Кар аралаш жаан-чачын арктикалык ызгаарды ого бетер күчөттү.

Синоптиктер бороондон өлкө калкынын жарымы кайсы бир деңгээлде жабыркашы мүмкүн деп эскертүүдө.

Жекшембиде техника аппак кардын астында калган Нью-Йорктогу айтылуу Times Square аянтын тазалап жүрдү. Штаттын губернатору Кэти Хокул бороондун кесепеттерин жоюу үчүн калаага жана айланасындагы жерлерге Улуттук гвардиянын аскерлери тартылганын айтты.

Нью-Йорк шаарынын мэри Зохран Мамдани мектептерди онлайн окууга которуу жана эл жылынып алсын деп атайын борборлорду ачуу буйругун берди.

Ал эми башкалаа Вашингтондо дем алышта балдар сүйүнүп, Капитолийдин жанында чана тээп, кар ыргытып ойноп жатышты.

Дагы караңыз

Милиция депутат Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордерин чыгарды"Тергөө абагында бир да сурак болгон жок". Кадыров менен Атазов үй камагына чыктыДепутат Примов Орусия мигранттар боюнча ЕАЭБдин талаптарын аткарбай жатканын айтты