Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы мурдагы жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдон зордук-зомбулук көрдүм деген Асел Азаматованын арызы катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. Ошондой эле келинге коргоо ордери чыгарылды.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Асел Азаматова 26-январда арыз жазып, мурдагы күйөөсү узак убакыттан бери психологиялык кысым кылып келатканын, буга чейин зомбулук көрсөткөнүн айткан.
“Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. Белгилей кетсек, бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат”, - деп айтылат маалыматта.
Өзүн Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу Threads социалдык тармагынын колдонуучусу депутат менен жашап жүргөн жылдары андан зордук-зомбулук көргөнүн жазып чыккан.
Ал Элдар Сулайманов менен 2016-жылы үйлөнүшкөнүн, башында майда-барат чыр-чатактар чыгып келсе эки жылдан кийин уруп-сабап баштаганын билдирген. 2022-жылы төрт айлык кош бойлуу кезинде катуу сабап, соттук-медициналык экспертиза “мээ чайкалган” деген тыянак чыгарып бергенин кошумчалады.
Элдар Сулайманов Инстаграмдагы расмий баракчасында бул окуя боюнча комментарий берип, маселе жеке мүнөздөгү, көптөн бери уланып келген үй-бүлөлүк пикир келишпестик экенин жазды.
“Айтылып жаткан куру доомат билдирүүлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ, бул үчүн укуктук баа берүүнү талап кылат. Эгер мен окуянын экинчи жагын толук айтып берсем, бүгүн мени сындап же жек көрүп жаткан адамдар да ойлоно тургандай жагдайлар бар. Бирок мен буга барбайм. Ошондуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбаңыздар. Учурда мага карата күнөөнү тастыктаган соттун мыйзамдуу чечими жок”, - деди ал.
Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо № 5 округдан шайланып келген.
Элдар Сулайманов мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BTo)
Шерине