27-29-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ошондой эле Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна да кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
28-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндуз 1…6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндуз 2…7
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 0…5
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 6…8° болот.