Еврошаркет менен Индия тарыхый соода келишимине кол коюшту

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди (ортодо), Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антонио Кошта. Дели, 27-январь, 2026-жыл

Еврошаркет менен Индия тарыхый соода келишимине кол коюшту. Бул жааттагы сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылга созулган.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен кездешүүдөн кийин ал документти «бардык макулдашуулардын атасы» деп сыпаттаса, Моди «тарыхый» деп атады.

Келишим 27 өлкөнүн башын бириктирген шаркет менен Делинин ортосундагы эркин соодага жол ачмакчы.

Документ күчүнө кирсе, бажы тарифтери төмөндөп, эки тараптын рыноктору кеңейтилмекчи. Алсак, автомобилдерге болгон бажы төлөмдөрү 110 пайыздан 10% түшүрүлөт деп күтүлүүдө.

Макулдашууга ылайык, Индияга ташылган айыл чарба продукциясы, өнөр жай жабдуулары, автомашиналар өңдүү европалык товарлардын баасы арзандатылат.

Еврошаркеттин жетекчилиги келишим инвестицияларды тартууга салым кошорун белгиледи.

Дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөсү болгон Индиянын өкмөтү биримдиктин мүчөлөрү өлкө рыногунда артыкчылыкка ээ болорун билдирди. Ошол эле маалда Дели экспорт менен жергиликтүү приоритеттерди тең салмактуу кылыш үчүн айрым сезимтал тармактарды коргой турганы айтылат. Андай тармактарга сүт азыктарынын, буудай, бир катар жашылча-жемиштин өндүрүшү жана башкалар кирет.

Кеп болгон келишим АКШ Индия жана Брюсселге кысым көрсөтүп жаткан маалда түзүлдү.

Дагы караңыз

Францияда 15 жашка чейинки балдарга соцтармак колдонууга тыюу салган жобо жактырылды"База жабылып, ишибиз токтоп калды". Автомектептердин нааразылыгы Дмитриевка же Эсиркемиш. Айылдын атынан чыккан талаш