Украинанын Харьков облусунда орус армиясынын жүргүнчү ташыган поездге дрон чабуулунан беш адам мерт кетти. Бул тууралуу 27-январда аймактын прокуратурасы маалымдап, дагы эки адам жаракат алганын билдирди.
"Учкучсуз учактардын экөө поезддин жанына, бирөө вагонго тийген. Өрт чыккан. Поездде 155 жүргүнчү болгон", - деп маалымдады мекеме.
Украин президенти Владимир Зеленский дрон тийген вагондо 18 жүргүнчү баратканын, жалпысынан поездде 200дөн ашуун адам болгонун соцтармактагы баракчасына жазды. Ал мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтты.
Украинаны калыбына келтирүү, аймактарды өнүктүрүү вице-премьер-министри Алексей Кулеба соцтармакка жазгандай, баштапкы маалыматтарда "Барвенково – Львов – Чоп" каттамындагы поездге "Шахед" үлгүсүндөгү үч ракета менен чабуул жасалган. Учкучсуз учактар тепловоздун алдына жана жүргүнчү вагонго түшкөн.
Жүргүнчү поездине жасалган чабуулду Алексей Кулеба "Орусиянын эч кандай аскердик бутага эмес, жарандарга каршы түз террордук акты" деп атады.
Прокуратура бул факты боюнча "киши өлүмүнө алып келген аскердик кылмыш" катары сотко чейинки тергөө ишин ачканы кабарланды.
2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери Орусия жай тургундарды да бутага алып келе жатканын украин тарап дайым айтып, Москваны айыптап келет. Орусия мындай айыптоолорду такай четке кагат.