Орусияга жүк жеткирүү көйгөйү парламентте айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын ишкерлери жиберген товарлар Орусиянын чек арасында ары киргизилбей, кармалып турганы боюнча маселе көтөрдү.

Депутат бул тууралуу 28-январда парламенттин жалпы отурумунда айтып, спикер Нурланбек Тургунбек уулун бул маселени Орусия өкмөтүнүн алдына коюуну сунуштады.

"Мына, парламент толук кандуу ишке кириштик. Урматтуу төрага, сиз өзүңүз Орусияга расмий иш-чара уюштуруп, Мамлекеттик думага, Федерация кеңешинин төрайымына жеке жолугуп, ушул маселени коюп, эки тараптуу жолугушуу өткөрсөңүз жакшы болот эле. Ишкерлерибиз кыйналып кетишти, улам кайрылып жатышат. Мурдагы союздук өлкөлөрдүн ичинен бир гана бизде орус тили расмий макамга ээ, Конституциябызда да так жазылып турат", - деди ал.

Дастанбек Жумабековдун сөзүнө жооп кылган төрага Нурланбек Тургунбек уулу Орусияга расмий сапарга чакыруу алганын, март айынын аягында Орусияга сапар аларын, анда мындай көйгөйлүү маселелер сөзсүз көтөрүлөрүн билдирди.

Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушканын айтышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Төрага гимн сынагынан өткөн үч вариант тең начар экенин айттыХарьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кеттиПрезидент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштадыДмитриевка: Айылдын аталышын өзгөртүү сунушунан чыккан талашМенчик автомектептердин маселеси боюнча комиссия түзүү сунушталды