Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаалар берилди

Жогорку Кеңештин депутаттары.

Жогорку Кеңештин депутаттарына Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар берилди. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттеги бир катар депутаттар ырастады.

Жогорку Кеңештин аппараты менен басма сөз кызматы канча машине алынганы жана баасы тууралуу маалымат жок экенин, сатып алуу иштери менен президенттин иш башкармалыгы алектенгенин билдирди. Президенттин иш башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Парламенттин 90 депутатына кызматтык автоунаа алуу боюнча маселени эл өкүлдөрү 2025-жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште жабык карашкан. Кийин Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү электромобилдер сатып алынары белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров былтыр 11-мартта парламенттин депутаттарына кызматтык автоунаа берүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгон. Документте депутаттарга кызматтык машине берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы, ал эми аны колдонуу Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилери жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылы шайлоо алдында элге “кызматтык машине, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз” деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Андан кийин айрым депутаттардын коомдук транспортто жүргөнү боюнча маселе көтөрүлүп, кээ бир эл өкүлдөрүнө кызматтык автоунаа берүү тууралуу айтыла баштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстан Орусиядан миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктарын бузбоону талап кылдыАзиянын бир катар өлкөлөрүндө Нипах вирусуна байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдеги чабуулда кичинекей кызды куткардыТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий бердиАмангелдиев: Украина-Орусия маселесинде Кыргызстан бейтарап саясат жүргүзөт Адам сатууну жана зомбулукту алдын алуу үчүн түз байланыш номуру иштеп баштадыИИМ: Үч жылда Кыргызстанда видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 3 миңдей киши табылдыОш облустук административдик сотунун үч кызматкери кармалды