Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Адам сатууну жана зомбулукту алдын алуу үчүн түз байланыш номуру иштеп баштады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"5200" номурундагы түз байланыш линиясын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүүгө багытталган долбоор алкагында ишке киргизди.

Министрликтин маалыматына караганда, 5200 түз номуру күнү-түнү, дем алышсыз иштейт. Бул номурга чалган жарандар анонимдүү түрдө акысыз жардам ала алышат.

Линияда зомбулук, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо жаатында атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет. Алар жабырлануучуларга медициналык жана укуктук жардам алуунун жолдору, коргоо чаралары, коопсуз башкалка жайлар тууралуу маалымат беришет.

Кыргызстанда адам сатууну алдын алуу үчүн 2006-жылы Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен "189" номурундагы түз байланыш уюштурулуп, иштеп келген. Ага адам сатуучуларга алданып калган жабырлануучулардан тартып, чет өлкөлөргө иштегени бара жаткан мигранттар да чалып, укуктук консультация алышчу. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG