Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдеги чабуулда кичинекей кызды куткарды

Марьян Кушнир майданда. Архив
Марьян Кушнир майданда. Архив

28-январга караган түнү "Азаттыктын" украин кызматынын фронттогу кабарчысы Марьян Кушнир Киевдин жанындагы Белогородка шаарында дрон тийген көп кабаттуу үйдөн чыга албай калган төрт жашар кызды куткарды. Кыздын энеси жана өгөй атасы аткылоодон каза болду. Аман калган бөбөктү өз атасы менен агасы алып кетишкен. Киев облустук аскердик администрациянын төрагасы Николай Калашник кабарлагандай, Белогородка шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийген дрондун кесепетинен эки адам каза болуп, төрт адам жаракат алды.

“Мен үйдө отурганда жарылуунун добушу угулду. Дрон биздин үйдүн чатырына, өйдө жактагы эки кабат батирге тийди. Өрт чыкканын көрүп, чукул кырдаалда колдонулчу баштыгымды көтөрүп алып жогору жакка чуркап чыктым жана жарылуу болгон жерди издеп баштадым. Эшикти ачканымда диванда төшөккө оронуп жаткан наристени көрдүм. Ал ыйлап, апасын чакырып жатыптыр. Аны алып чыгып, кошуналардын бирине бердим, анан артка чуркап кирип, аман калгандарды издегенге аракеттендим. Бирок жалын тез жайылып кетти”, - деп айтып берди Марьян.

Журналист “энеси өлгөнүн билип, ыйлап аткан төрт жашар баланы кучагына алгандагы сезимдерин” сүрөттөп, мындайды согушту чагылдырып жүргөн 10 жылда башынан кечирбегенин кошумчалады.

Марьян Кушнир «Азаттыктын» украин кызматында 2015-жылдан бери иштейт. Ошондон бери Орусиянын Украинага каршы согушун чагылдырып жүрөт. 2022-жылдын мартында Киев облусунда орус армиясынын чабуулун чагылдырып жатканда контузия болгон.

Кушнир бир нече журналисттик сыйлыктардын лауреаты.


Шерине

XS
SM
MD
LG