Министрлер кабинети кийин бул билдирүү тууралуу комментарий берип, кыргыз тарап ЕАЭБ сотунан түшүндүрмө сураганын тактады.
Кыргыз өкмөтү Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат деп ЕАЭБдин сотуна кайрылганын, буга ал жактагы кыргызстандыктардын медициналык жардам алуудагы көйгөйлөрү түрткү болгонун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов 27-январда парламентте билдирди.
“ЕАЭБдин сотуна кыргыз тараптан сотко берилди. Өткөн аптада соттук отурум болду, эки аптадан кийин жыйынтыгы чыгат. Орус тарап ЕАЭБдин алкагындагы келишимди аткарбай келе жатат. Биздин иштеген жарандарыбыздын үй-бүлө мүчөсүнө дагы ОМС (милдеттүү медициналык камсыздоо) берилиши керек. Бул беш мамлекеттик ортосундагы келишимдин негизинде болот”.
Доо Орусиядагы кыргыз мигранттардын медициналык жардам алуусуна гана байланыштуу.
Мигранттар менен иш алып барган уюмдар Орусия аткарбай жаткан мындан башка да бир топ милдеттер бар экенин айтып жатышат.
“Инсан-Лейлек” уюмунун адиси Рахат Шералы мигранттардын балдарынын билим алуусундагы тоскоолдуктарга токтолду.
“Өзүңүздөр билесиздер, 2025-жылдын биринчи апрелинен баштап чет элдик мигранттардын балдарына милдеттүү түрдө тил билгени боюнча сынак тапшыруу кирди. Эгер сынакты тапшыра албаса, балдар мектепке бара албайт. Ошого байланыштуу көптөгөн мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбай, азыр курстарга же менчик мектептерге барып, ошондой шартка ыңгайлашып жүрүшөт. Мындан тышкары мектепке барбай калган учурлар да көп. Ошол механизмди ушундай көйгөйлөргө да колдонуп көрсө болот”.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун доо арызы боюнча буларды билдирди.
“ЕАЭБдин соту түшүндүрмө берет да. Келишимдин алкагында тараптар кандай милдеттерди алышы керек. Жөн гана түшүндүрмө берет. Бул сот процесси эмес же милдеттенме эмес. Беш мамлекеттин алкагында, беш мамлекетке тең бирдей тиешеси бар келишим түзүлгөн да ЕАЭБдин алкагында. Эгер кандайдыр бир тарап милдеттемесин аткарбаган болсо, комиссиялар бар, анын алкагында министрликтер бар. Ошолор маселени талдап чыгышат", - деди Амангелдиев.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы кошулган. Учурда биримдикке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө.
Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин соту уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды, келишимдердин аткарылышын карайт. Ага мүчө мамлекеттер жана компаниялар доо арыз менен кайрыла алат. Анда ЕАЭБге кирген беш өлкөгө экиден квота берилип, жалпы он судья бар.
ЕАЭБге карата сын-дооматтар утур-утур айтылып турганы менен кыргыз өкмөтү бул сотко өтө сейрек кайрылат. Буга чейинки даттануусу 6 жыл мурда Казакстан менен чек арадагы тоскоолдуктарга байланыштуу болгон.
Бул тууралуу ошол кездеги экономика министринин орун басары болгон Элдар Абакиров айтып берди.
“2017-жылы экономика министринин орун басары болуп турганымда Казакстандын чек арасында кыргыз тараптын жүгү узун кезекке туруп, өтпөй баштаган. Казакстан тарап токтотуп, ЕАЭБдин талаптарына туура келбеген текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган. Ошондо биз ЕАЭБдин сотуна кайрылганбыз. Процесс узак жүрөт, жарым жылдай болсо керек эле. Бирок жыйынтык болгон эмес. Жалпысынан “Казакстан тарап мыйзамды бузуп жатат” деген чечим чыгарылганы менен кандайдыр бир кенемте же ошол нерсени токтотуу боюнча оң чечим чыккан эмес”.
Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимге ылайык, уюмдун аймагында жарандар, товарлар, тейлөө кызматтары жана капитал ошол аймакта тоскоолдуксуз жүрүшү керек. Бул келишимдеги талап болгону менен чек арадагы тоскоолдуктар, текшерүүлөр боюнча дооматтар көп. Казакстан аркылуу жүк ташууда кыргыз ишкерлери утур-утур кезек күтүүгө кабылып келет. Былтыр күзүндө ушул эле маселе Орусиянын чек арасында чыгып, тигүүчүлөрдү убайымга салды. Кремлдин миграциялык талаптары уюмга киргенине карабай бир топ кыргызстандыкка көйгөй жаратты.
Шерине