Бишкекте 9 жана 6 жаштагы эки бала сууга чөгүп каза болду

Сууга чөккөн балдарды издөө учуру. ӨКМ тараткан сүрөт. Бишкек. 29-январь, 2026-жыл.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги каналга эки бала чөгүп, каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы маалымдагандай, бүгүн 29-январда жергиликтүү милиция Бакай-Ата конушунун Кыргыл-Чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендигин маалымадаган.

Издөө иштерине тартылган куткаруучулар каналдан 9 жаштагы кыз менен 6 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышты.

Балдар каналга чөгүп кеткенинин себептерин милиция иликтеп жатканы кабарланды.

30-декабрда Бишкек Жылуулук электр борборунун техникалык каналына "Тазалык" ишканасынын үч кызматкери чөгүп кетип, каза болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Рубио АКШнын колдоосу Украинанын коопсуздугун камсыздоодо башкы фактор болорун айтты Орусия соту 14 жаштагы өспүрүмдү жети жылга кестиНипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүүгө чектөө койдуЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке какты