Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Орусия соту 14 жаштагы өспүрүмдү жети жылга кести

Экинчи Батыш аймактык соту. Иллюстрациялык сүрөт.
Экинчи Батыш аймактык соту. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы Экинчи Батыш аскердик соту Твер облусундагы Вышний Волочёк шаарынын тургуну, 14 жаштагы өспүрүмдү терактка айыптап, жети жылга колонияга кести. Бул маалыматты Тергөө комитети өспүрүм суракта жооп берген кыска тасма менен кошо жарыялады.

Баланын тек-жайы аталган жок. Тергөөнүн версиясына караганда, 2025-жылы май айында ал украин чалгын кызматынын көрсөтмөсү менен административдик имаратты өрттөө милдетин алган, бирок анын аракети ишке ашкан эмес. Тасмада өспүрүм мессенжер аркылуу Вышний Волочёктогу аскер комиссариатына күйүүчү аралашма салынган "сумканы жеткирүү" сунушу түшкөнүн айтууда.

Орусия Украинага кол салгандан кийин жүздөгөн адамдар административдик имараттарды, инфратүзүм объекттерин өрттөө же өрттөөгө аракеттенүүгө байланыштуу диверсияга жана терактка айыпталышты.

Алардын ичинде жашы жете электер да соттолгон. Теракт беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан башталат.

"Новая газета Европа" басылмасы 2024-жылы Орусияда террорист-экстремисттердин тизмесине 90дон ашуун өспүрүм киргизилгенин жазган, учурда андан да көп болушу ыктымал.


Шерине

XS
SM
MD
LG