Жогорку Кеңештин депутаттарына Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар берилди. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттеги бир катар депутаттар ырастады.
Жогорку Кеңештин аппараты менен басма сөз кызматы канча машине алынганы жана баасы тууралуу маалымат жок экенин, сатып алуу иштери менен президенттин иш башкармалыгы алектенгенин билдирди. Президенттин иш башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.
Парламенттин 90 депутатына кызматтык автоунаа алуу боюнча маселени эл өкүлдөрү 2025-жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште жабык карашкан. Кийин Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү электромобилдер сатып алынары белгилүү болгон.
Президент Садыр Жапаров былтыр 11-мартта парламенттин депутаттарына кызматтык автоунаа берүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгон. Документте депутаттарга кызматтык машине берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы, ал эми аны колдонуу Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилери жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылы шайлоо алдында элге “кызматтык машине, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз” деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Андан кийин айрым айым депутаттардын коомдук транспортто жүргөнү боюнча маселе көтөрүлүп, кээ бир эл өкүлдөрүнө кызматтык автоунаа берүү маселеси айтыла баштаган. (BTo)
Шерине