Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) айдоочулардан ОСАГО төлөмү үчүн алган акчаны кымырып, качып кеткен деген шек менен чет элдик жаран кармалганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 5-январь күнү "Ингосстрах" компаниясынын өкүлү "Д.А.Р" аттуу жеке ишкананын кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, ОИИБге кайрылган. Анын арызына ылайык, 2025-жылдын апрель айынан бери аталган ишкананын бир катар кызматкерлери автоунаа ээлеринен унааны камсыздандыруучу полистерге (ОСАГО) алынган 7 085 708 (жети миллион сексен беш миң жети жүз сегиз) сомду алып, качып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 41 жаштагы чет элдик жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо үчүн иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-июлунан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси тууралу мыйзам ишке кирген. Камсыздандыруу 1068 сомдон башталат. Кыймылдаткычынын күчүнө жараша баалар кымбат болот.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын маалыматына караганда, былтыр 1-сентябрга карата полис өлкөдөгү 1 миллион 600 миңден ашык автоунаанын жарымына гана алынган.(ZKo)