30-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-5, күндүз -1…+4;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5:
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Түнкүсүн жана эртен менен туман түшөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 1…3° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине