Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

16 жашка толо элек балдарга паспорт алуу жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Кыргызстанда жашы 16га толо элек балдарга паспорт алууда алардын катталган жери болушу талап кылынбайт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Бул жеңилдик Министрлер кабинетинин 31-декабрдагы токтомуна ылайык, 23-январдан тартып күчүнө кирди.

Ошондой эле баланын жалпы жарандык паспорт алышы үчүн ата-энесинин экөө тең болушу кажет эмес. Бири келе албай калган учурда анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу "Электрондук нотариат" маалыматтык системасында болгону жетиштүү болот. Кызматкерлер маалыматты системадан уникалдуу код аркылуу таап ала алышат.

Маалыматта ошондой эле өлкө ичинде берилген бардык ишеним каттар Калкты тейлөө борборунун (ЦОН) автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилгени жазылган.

Мындан тышкары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган же жүргөн жеринен каттоодон чыгарууга болот. Буга чейин жарандар каттоодон чыгуу үчүн Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборуна жеке өздөрү барышы керек болчу.

Ошондой эле ата-энесинин бири жарандыгын алмаштырган жарандар ID-картын алмаштыра алышат.

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору жана ID-карталары 2023-жылдан тартып “Учкун” мамлекеттик басмаканасында басылып чыгарылат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG