Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кыргызстанда ымыркайлар өлүмү азайып, энелердин төрөттөн өлүмү көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жылдык коллегиясындагы баяндамасында айтылды.

Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, 2025-жылы чарчап калган ымыркайлардын саны тирүү төрөлгөн миң балага карата 13,5ти түзгөн. Бул мурунку жылга караганда 4,2% аз.

Баяндамада ошондой эле ымыркайлардын өлүмүнө перинаталдык мезгилдеги оорулар, тубаса өнүгүү кемчиликтери, дем алуу органдарынын оорулары, жугуштуу жана паразитардык илдеттер себеп болгону айтылды.

Ошол эле учурда энелердин өлүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу көбөйгөнү да айтылган. 2025-жылы 48 аял төрөт учурунда көз жумган. 2024-жылы төрөттөн 36 аял каза болгон.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр экенин белгилеп, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда, 2023-жылы 38, 2022-жылы 41 аял төрөттөн көз жумган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG