Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги каналга эки бала чөгүп, каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы маалымдагандай, бүгүн 29-январда жергиликтүү милиция Бакай-Ата конушунун Кыргыл-Чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендигин маалымадаган.
Издөө иштерине тартылган куткаруучулар каналдан 9 жаштагы кыз менен 6 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышты.
Балдар каналга чөгүп кеткенинин себептерин милиция иликтеп жатканы кабарланды.
30-декабрда Бишкек Жылуулук электр борборунун техникалык каналына "Тазалык" ишканасынын үч кызматкери чөгүп кетип, каза болгон. (ZKo)
Шерине