Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какты.
Гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына парламенттин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирди. Комиссия 1-июнга чейин иштейт. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу эгер зарыл болсо убактысы дагы узартыларын айтты.
Сынакка жеке адамдар же биргелешкен топтор да катышса болот.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 27-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке каккан. Комиссия мүчөлөрүнүн бири, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимндин текстин да, музыкасын да тандоо оңойго турбаганын, буга чейинки келген варианттардын баары жарабаганын белгилеп, азыркы гимнди калтыруу керектигин айткан.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратып келатат.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (BTo)
Шерине