31-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райндорунда кар жаайт. Түнкүсүн айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндуз 3…8
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндуз 3…8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 5…7° болот.