Кыргызстанда "Жооптуу бол!" акциясы башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги февраль айында 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын кесепетин аныктоого багытталган "Жооптуу бол!" деген аталышта бир айлык өтөрүн жарыялады.

Өнөктүк алкагында эркектер жашаган жери боюнча медициналык уюмдарга (Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы дарыгерлик практика борборлору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар) кайрылып, медициналык кеңеш алып, акысыз текшерүүдөн өтө алышат.

Былтыр ушундай эле кампанияда жалпы өлкө боюнча 973 миңден ашык эркек текшерилип, алардын ичинен 119 600дөн ашык эркекте (12%) кан басымы жогору экени аныкталган. Мындан тышкары, 49 600 эркек (5%) жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде, ал эми болжол менен 60 800 эркек (6%) кант диабетинин жогорку тобокелдигинде болгон.

2025-жылы өнөктүктүн жүрүшүндө 15 388 адам биринчи жолу аныкталган артериялык гипертензия менен жабыркары аныкталса, 7 364 эркек киши кант диабети менен каттоого алынган.

Маалыматта айтылгандай, былтыр жүрөк-кан тамыр оорулары 16 644 кишинин өлүмүнө себеп болгон.

Бир айлык акция 2019-жылы Швейцариянын колдоосу менен өткөрүлгөн, андан бери жыл сайын Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлүп келет.

Жугуштуу эмес ооруларга жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулар кирет. Бул илдеттерге туура эмес тамактануу, тамеки чегүү, алкоголду ашыкча ичүү жана кыймылдын аздыгы алып келет.

Ушундай эле акция жыл сайын аялдарга да уюштурулуп турат. (ZKo)

Дагы караңыз

"Жерге жаткырып тепкилешти". Ирак абагында азап көргөн Асел "Музей ачууга жетишпеди". Кыргыз ааламына көрк берген Айдай Асангулова Reuters: Дмитриев ишембиде Майамиде Трамптын өкүлдөрү менен жолугат "Киевсууканал" борбор шаарда суу берүү толугу менен үзгүлтүккө учураганын билдирди "Өкүмү жокко чыгарылууга, өзү дароо коё берилүүгө тийиш”. Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто каралганы турат