29-январь күнү Ош шаарында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында набыт болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жерге берилди.
Маркумдун атын атагысы келбеген жакындарынын сөзүнө караганда, ал мурдагы күч кызматкери, 2007-жылы Орусия жарандыгын алган, 2014-жылдан бери Орусиянын армиясында келишим менен иштеп жүргөн. Жакынынын ырастоосу боюнча маркум Ростов шаарында дрон чабуулунан жаракат алып, оорукада көз жумган.
Анын Украинага каршы согушка тартылганы тууралуу так маалымат жок.
2022-жылдын февралында Москва Украинага согуш ачкандан бери орус тарапта согушкан же набыт болгон кыргызстандыктардын так саны белгисиз.
Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.
“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
Былтыр май айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинага каршы согушка Борбор Азиянын орус жарандыгын алган 20 миңдей жараны тартылганын билдирген.
Украинага бастырып киргенден кийин Орусияда күч кызматкерлери орус жарандыгын алгандарды аныктоо үчүн рейддерди жүргүзүп келишкени, аларга аскерге чакыруу берип, аскер комиссариаттарына күчтөп алып кетишкени, алардын айрымдарын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлашканы кабарланган.
Бастрыкин 2024-жылы орус жарандыгын алган 30 миңдей мигрант аскердик каттоого турбай жүргөнү аныкталганын, алардын ичинен 10 миңдейи "окоп казып, тылды бекемдөөгө" жиберилгенин айткан.(ZKo)