Орусиянын паспортун алган теги азербайжандык жаран Свердлов облусунун Алапаевск шаарындагы үйүнө чет элдиктерди миграциялык каттоого жасалма койгон деп айыпталып, сот чечими менен үйүнөн ажыратылды. Бул тууралуу аймактык E1 басылмасы жазды.
Айыптоонун версиясына ылайык, азербайжан жараны 2024-2025-жылдары 46,6 чарчы метрлик эки бөлмөлүү батирине тогуз мекендешин каттоого тургузган, бирок алар ал жерде жашаган эмес. Ошол эле батирде башка ижарачы үй-бүлөсү менен жашаган. Азербайжан жараны каттаган бардык адамдар коңшу айылдагы тактай тилген жайда иштеген.
Сот азербайжан жаранын күнөөлүү деп таап, ага 200 миң рубль айып пул салды жана болжол менен эки миллион рубль турган үйүн конфискациялады.
Адвокат Зарина Адыева апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылмакчы.
E1 басылмасынын маалыматына караганда, бул окуя аймакта биринчи жолу катталган жок. 2025-жылдын аягында Нижний Тагил шаарынын тургуну, чет элдик жана орусиялык жаранды жасалма каттоого айыптуу деп табылган, анын да үйү жер тилкеси менен чогуу конфискацияланган.
"Север реалии" долбоору Орусия Жогорку сотуна шилтеме кылып, акыркы беш жылда мүлкү конфискацияланган адамдардын саны 2,5 миңден 24 миңге көбөйгөнүн билдирди.
Шерине