Европа Биримдиги Кыргызстанга жаңы санкцияларды киргизүү маселесин караштырып жатканын Bloomberg агенттиги 31-январда жазды. Анда мындай чара Орусияга карата киргизилген санкцияларды айланып өткөн деген негизде көрүлүшү ыктымал экени айтылган.
Маалыматка караганда, маселе Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында талкууланып жатат.
Аталган агенттик Кыргызстанга карата санкцияларды кыйгап өтүү үчүн чаранын атайын механизми колдонулушу мүмкүн деп эсептейт. Негизинен өлкөгө станок жана радиоэлектрондук жабдыктардын ташылышына тыюу салуу каралып жатканы кабарланды.
Маалыматта Орусия Украинага кол салып, согуш башталгандан бери Кыргызстан маанилүү соода түйүнүнө айланганы белгиленген. Кыргызстан аркылуу Орусияга Европадан тыюу салынган товарлар өткөрүлүп турганы кошумчаланган.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага санкция сала баштаган. 2022-жылы орус армиясы Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 28-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Орусия-Украина маселесинде Кыргызстан үчүн бейтарап позицияны тандоо оор болгонун айткан.
Амангелдиев АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берди деген негиз менен Кыргызстандагы айрым ишканаларга жана банктарга салган санкциялары "туура эмес" экенин, Бишкек эч качан согушту колдобой турганын, курал-жарактардын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербесин белгилеген.