Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Киевде миңдей үйгө жылуулук бериле элек

Киев. 26-январь, 2026-жыл.
Киев. 26-январь, 2026-жыл.

Өткөн түнү Киевде авариядан улам жылуулуксуз калган 1500дөн ашуун көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди. Шаар мэри Виталий Кличко ошол эле учурда миңдей үйдө жылуулук жок экенин билдирди.

"Коммуналдык кызматкерлер жана энергетиктер киевдиктердин батирлерине жылуулук берүү үчүн тынымсыз иштеп жатышат", - деп жазды ал.

Ишембинин кечинде шаардагы 3400 уйдө жылуулук жок эле, түн жарымда алардын саны 2000ге азайды. Киевде сууктун күчү күндуз –13 градуска, түнкүсүн –20 градуска чейин жетип жатканы кабарланды.

Энергетикалык авариялардан улам Украинанын Киев баштаган бир катар шаарларында, Молдовада блэкаут болду. Электр энергиясы менен камсыздоо ишемби кечинде гана калыбына келтирилгенин өлкө бийликтери билдирди.

Украинанын энергетика министри Денис Шмыгал аварияга катуу суук себеп болгонун маалымдады.

"Эрте менен жогорку чыңалуудагы линияларда бир мүнөт аралыкта болгон эки авария өлкөдөгү жети облуста электр энергиясын үзгүлтүккө учуратты. Киберчабуул же тыштан кийлигишүү божомолдору ырасталган жок. Баштапкы божомолдор боюнча кырсык линиялар жана башка жабдуулардын тоңуп калышынан улам болду", - деди ал.

Январь айында үч ирет - 9унда, 20сында жана 24үндө Украинадагы 6 миңдей кабаттуу үй Орусия армиясынын жапырт чабуулунан улам жылуулуксуз калган.

Узап бараткан апта ичинде АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинден "катуу суук учурунда" украин шаарларын аткылоону убактылуу токтотуп туруусун өтүнгөнүн, Путин макулдугун бергенин жазган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамп кат аркылуу Путинден сүйлөшүүлөр үчүн "жагымдуу шарт түзүү максатында" 1-февралга чейин "Киевге сокку уруудан кармана туруусун" өтүнгөнүн ырастаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG