Захарова Кыргызстандын ЕАЭБ сотуна кайрылуусу тууралуу комментарий берди

Мария Захарова.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылуусу даттануу эмес, келишимдин ченемдерин тактап берүү экенин 30-январдагы брифингде билдирди. Сөз эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдин аткарылышына байланыштуу болгон.

27-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Орусия кыргызстандык мигранттарга медициналык жардам берүүдөгү милдетин аткарбай жатканын айтып, кыргыз өкмөтү бул маселе боюнча ЕАЭБ сотуна кайрылганын билдирген. Ал Орусияда иштеген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да милдеттүү медициналык камсыздоо каралышы керектигин, бул келишимдин талабы аткарылбай жатканын кошумчалаган.

Кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мекеменин арызы соттон түшүндүрмө алуу үчүн гана берилгенин, бул соттошуу процесси эместигин тактаган.

  • Евразия экономикалык биримдигинин соту уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды, келишимдердин аткарылышын карайт. Ага мүчө мамлекеттер жана компаниялар доо арыз менен кайрыла алат. Анда ЕАЭБге кирген беш өлкөгө экиден квота берилип, жалпы он судья иштейт.
  • Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизген соң ал жакта эмгектенген мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды.  Мурун орус жергесинде, бейрасмий маалымат боюнча, миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.

Дагы караңыз

Орусияда каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү Ошко коюлду Киевде миңдей үйгө жылуулук бериле элек Евробиримдик Кыргызстанга каршы жаңы санкцияларды караштырып жатканы кабарланды Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече киши мерт кетти